Бишкекте 15 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган киши кармалды
RU

Бишкекте 15 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган киши кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ноябрь айында Бишкекте 15 жаштагы кызга ыдык көрсөтүп, андан кийин белгисиз тарапка качып кеткен жаран табылды. Ленин РИИБден билдиришкендей, учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Белгилесек, 24-ноябрда К.Г. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Айтымында, ошол эле күнү саат 08:47 чамасында Жибек-Жолу жана Манас проспектисинин кесилишинде анын 2008- жылы туулган жээнине белгисиз адам кол салып, зордуктоого аракет кылган. Андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37,154-беренесине (Зордуктоого аракет кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 1981-жылы туулган Д.Ж. аттуу жаран кармалды. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15034