Аламүдүндө эс алуучу борбордун кызматкерлерин 9 млн сомго алдап кеткен жаран кармалды
RU

Аламүдүндө эс алуучу борбордун кызматкерлерин 9 млн сомго алдап кеткен жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районунда өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык кылганга шектүү кармалды. Чүй ОИИББден билдиришкендей, келтирилген зыян дээрлик 9 млн сомго жакын.

Маалым болгондой, 3-октябрда Аламүдүн районундагы эс алуу борборунун администратору милицияга кайрылып, В.Т. аттуу аялга карата чара көрүүнү суранган. Арызда айтылгандай, 2021-жылдын июль айынан 2023-жылдын январь айына чейин аты аталган аял үй-бүлөсү менен эс алуу борбордогу VIP номерлерде эс алып, банкеттерди, кечелерди, жолугушууларды өткөрүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы суммасы 8 млн 986 миң 457 сомду түзгөн. Бирок өзүн ири инвестор катары тааныштырган аял кызматтардын акысын төлөбөй, изин жашырып кеткен.

Бул факты 209-берене ("Алдамчылы") менен каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин алкагында 1985-жылы туулган В.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган аял криминалдар менен байланышы бар экенин айтып, жогорку кызматтагы аткаминерлерден пара опузалаганы такталды.

Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча иштер улантылууда.

Сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо кабар берип коюуну милиция кызматкрелери өтүнөт. Байланыш номери: 0312 36-35-27, 0312 36-35-23.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15035