Нурланбек Шакиев: Желек өзгөрсө чыгымдарды төлөп бере турган демөөрчүлөр бар
RU

Нурланбек Шакиев: Желек өзгөрсө чыгымдарды төлөп бере турган демөөрчүлөр бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште бүгүн, 29-ноябрда мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Анда депутат Акбөкөн Таштанбеков туу алмашса мамлекеттик документтер, аны менен катар канча унаанын номери алмаштырыларына кызыкты.

Спикер Нурланбек Шакиев туу алмашса анын чыгымын демөөрчүлөр көтөрөрүн айтты.

"Коомчулукка туура эмес маалыматтар тарап жатат. Бир дагы унаанын мамлекеттик номери туу өзгөргөн күнү же ошол айда алмашпайт. Бардыгы өзүнүн кезеги менен жаңы номер алынып жатканда гана алмашат. Мамлекеттик бюджеттен эч кандай каражат кетпейт. Биздин 32 өлкөдө элчиликтерибиз бар, ошол элчиликтердеги жана республикадагы мамлекеттик мекемелердеги туулар өзгөрөт. Анын баарын эсептегенде 150нүн тегерегиндеги туу өзгөрөт экен. Чыгымдын баарын төлөп беребиз деген демөөрчүлөр дагы бар".

"Андыктан мамлекеттин эсебеинен документтер, ошол эле паспорт дегендерге эч кандай каражат кетпейт. Документтерди колдонуу мөөнөтү аяктап, жаңысын алууга кезек келгенде гана жаңы туу колдонулат, ага чейин эски документтер пайдаланыла берет", - деди төрага.

Депутат паспорттор, унаанын номерлери өзгөрбөсө желекти өзгөртүүнүн кажети жоктугун айтты. Буга Нурланбек Шакиев жаңы документ, номер алганда гана туунун жаңы варианты колдонулат деп жооп берди.

Белгилесек, желекти өзгөртүү мыйзам долбоорун Нурланбек Шакиев менен Улан Примов сентябрь айында демилгелеген. Алар желектин сунушталган вариантында туунун нурлары тик чачырап, түндүктүн ортосундагы чамгарагы үчтөн төрткө көбөйтүлөрүн белгилешет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15043