Нурсултан Назарбаев экинчи аялы жана уулдары бар экенин ачыктаган
RU

Нурсултан Назарбаев экинчи аялы жана уулдары бар экенин ачыктаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев экинчи аялы жана андан эки уулу бар экенин ачыктаган. Бул тууралуу ал Казакстандын "Фолиант" басмаканасынан чыккан "Менин жашоом" аттуу автобиографиялык китебинде жазган. Назарбаевдин экинчи үй-бүлөсү тууралуу баяндаган эскерүүлөрдөн үзүндүнү Orda.kz жарыялады.

Назарбаев болочок жубайы Асел Исабаева менен Талдыкорганга болгон сапарында таанышканын айткан.

"Өлкө башчынын аймактарга болгон иш сапарында учактын тепкичинен гүлдөр менен тосуп алышты. Мындай аземге катышуу үчүн эң сулуу жергиликтүү кыздар тандалып алынары белгилүү. Биз көнүмүш болуп калган кооз ырым. Жерге коноруң менен көзгө жагымдуу, жан дүйнөмдө жылуулук болот. Бирок ошол окуя өзгөчө таасир калтырды. Аэропортто мага гүл тартуулаган кыз өзгөчө сулуу эле. Көпкө чейин эсимде калып, жалындуу көз карашы жана келишимдүү келбеттүү ак жумал сулуу көп эсиме түшө берчү", - деп жазган Назарбаев.

Мурдагы президенттин айтымында, Аселди 1999-жылы "Мисс Казахстан" сулуулар сынагында Гран-прини жеңип алганы тууралуу маалыматттан кийин тапкан.

"Таанышуубуз бири-бирибизди жактырууга, андан кийин жакындашууга айланды. Бара-бара сүйлөшүп баштадык. Аселдин сырткы келбетинен да, оюнан да мен издеген көптөгөн сапаттарды көрдүм. Эң негизгиси, мен көп жылдардан берки руханий жалгыздыктан арылдым", - деген.

Мемуарда Н. Назарбаев менен Асел Исабаева мусулман салты боюнча баш кошуп, 2005 жана 2008-жылдары Тауман жана Байкен аттуу уулдуу болушкандыгы айтылат.

Назарбаев биринчи аялы Сара жана үч кызы Дарига, Динара жана Алия экинчи үй-бүлөсү тууралуу билип, аны туура түшүнүп, кечиргенин кошумчалаган.

Нурсултан Назарбаевдин Асел Курманбаева (Исабаева) аттуу жашыруун жубайы бар деген кептер Казакстанда 20 жылдан ашуун убакыттан бери тарап келет. Курманбаева - мурдагы бийчи, казак мамлекеттик "Астана балет" театрынын негиздөөчүсү жана арт-жетекчиси. Ал ошондой эле Казакстанда балетти жана улуттук бийди өнүктүрүү фондун жана көркөм гимнастиканы колдоо жана өнүктүрүү фондун ачкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15052