Бишкектеги Дордой Моторстун соодагерлери ККМге каршы митингге чыгышты. Жерине мэр барды
RU

Бишкектеги Дордой Моторстун соодагерлери ККМге каршы митингге чыгышты. Жерине мэр барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

4-декабрда, "Дордой Моторс" базарынын соодагерлери кассалык аппараттарды милдеттүү түрдө колдонууга каршы акцияга чыгышты. Бул тууралуу Kaktus.kg сайтынын редакциясына акциянын катышуучулары өздөрү кабарлашты.

Алардын айтымында, катуу суукка, күнү-түнү иштеп, соодагерлер өзүнүн жанын өзу багып жатат. Мамлекет аларга жардам бербейт. "Биз патент менен салык төлөөнү талап кылабыз", - дешти алат.

Көп өтпөй, соодагерлер нааразычылык акцияга чыгып жаткан жерге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев келди. Ал соодагерлердин нааразычылыгын толук түшүнүп, аларды 100 % колдой турганын айтты.

"Мен сиздин айтканыңыздын айрымдарын уктум жана сиздерге 100% кошулам. Эч кандай маселени кыйкырык менен чече албайбыз. Маселелер чечиле турган атайын жер бар. Менин сунушум бар: комиссияга он кишини кошкула, макул, 15 киши, баарын талкуулайбыз. Кечээ базардын директорлору менен жолукканбыз. Сиздердин бардык сунуш-пикирлериңиздерди жылуу маанайда отуруп талкуулай алабыз. Биз сиздин сунуштарыңызды жетекчиликке туура жеткирүүгө даярбыз. Бизге бардыгын чечүүгө үч күн убакыт берилди. Биз мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даярбыз, муну бир күндө эле чечип коюу мүмкүн эмес, анткени баары мыйзамда жазылган. Баарыбыз чогулуп талкуулайлы", - деди Жунушалиев.

Бирок чогулгандар бийлик өкүлдөрүнүн айткан убадаларына ишенишпей эле. Алар: бийлик бизди бир жылдан бери ушинтип эле алдап келе жатат дешип, алардын пайдасына эмес чечим чыкпай калат деп кооптонушууда.

Мэр менен бирге соодагерлер нааразычылык акцияга чыккан жерге "Дордой" базарынын негиздөөчүсү Аскар Салымбеков да келген. Ал элдин алдына чыгып, сөз сүйлөп, соодагерлерди комиссияга "Дордой Моторстун" жумушчуларынын атынан сунуш киргизе турган 15 адамдан турган топ түзүүгө чакырды.

"Азыр Ленин акимиатына 15 кишини жибергиле дагы, сунуштарды даярдайлы да, комиссияга! Баргыла да, анан эмне кылыш керек?!", - деди ал.

Эскерте кетсек, 29-ноябрда Кара-Суу базарынын ишкерлери ушундай эле себеп менен митингге чыгышкан. Ушундай эле талаптар менен 30-ноябрда Орто-Сай базарынын ишкерлери митингге чыгышкан эле. Ушул эле күнү "Дордой" жана "Мадина" базарларынын соодагерлери да митингге чыгышып, "баары азыркыдай калсын", башкача айтканда патент гана төлөп, ККМди алып салууну талап кылышууда. Митингде баары ойдогудай болгон жок – ал жерде министрлер кабинетинин кызматкерине кол салуу болду. Шектүү акыры убактылуу кармоочу жайга киргизилип, "Бейбаштык" беренеси менен иш козголду.

1-декабрда Бишкекте "Таатан", "Чынар", "Аламүдүн" базарларынын соодагерлери да патенттерин кайтарып берүүнү талап кылып нааразычылык акцияга чыгышкан. Бир аздан кийин аларга Кара-Балта шаарындагы базардын соодагерлери кошулган эле.

Эскерте кетсек, 2024-жылдын 1-январынан тартып патенттин негизиндеги соода иштери токтотулат.

Өз кезегинде Кыргызстандын министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров "белгилүү бир күчтөр соодагерлерди козутуп, өлкөдөгү абалды туруксуздаштырууга аракет кылып жатат" деп эсептейт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15073