Бишкекте үй-жайы жоктор кайсыл жакта баш калкалай алышат? Даректер, телефондор
RU

Бишкекте үй-жайы жоктор кайсыл жакта баш калкалай алышат? Даректер, телефондор

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы баш калаадагы үй-жайсыздардын баш калкалоочу жайларынын телефон номерлерин жана даректерин жарыялады.

Мэриянын басма сөз кызматы тактагандай, Биринчи Май районунда туруктуу жашаган жери жок 70 адамга эсептелген "Коломто" муниципалдык мекемеси туруктуу иштеп жатат. Мекеме Жибек Жолу проспектиси 413 дарегинде жайгашкан. Анда 70тен 100гө чейин үй-жайсыз адамдар күнүмдүк тамактануу жана түнөө менен камсыздалган. Сурап ​​билуу телефону: 0312 30 48 55.

Ленин районунда "Мээрим борбору" коомдук фонду туруктуу негизде иш алып барып, турмуштук оор кырдаалга кабылган балалуу аялдарды убактылуу жатакана менен камсыз кылууда. Фонд төмөнкү даректе жайгашкан: Трудовая көчөсү 10, Сурап ​​билүү телефону: 0312 64 48 71, 0550 54 66 22 (Роза Казиевна).

Октябрь районунда А.Токомбаев көчөсүндө 12-кичирайондун 1а, үй-жайы жоктор үчүн 60 орундуу убактылуу баш калкалоочу жай ачылды. Телефондор: 0312 51 19 38, 0708 88 02 18 (Сталбек Эсенкулов районунун социалдык тейлөө секторунун адиси).

Свердлов районунун аймагында да баш калкалоочу жай бар. Ал Фере көчөсү, 34а дареги боюнча жайгашып, 40 кишиге ылайыкталган.Ал имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, дары-дармектер жана шейшептер сатылып алынган. Сурап ​​билүү телефондору: 0312 36 03 35, 0706 16 88 77 (Свердлов районунун социалдык тейлөө секторунун башкы адиси Эркин Мамаев).

Кайрылгандар бир жолку ысык тамак менен камсыз болушат. Коопсуздук үчүн бардык борбордогу баш калкалоочу жайларда милиция кызматкери нөөмөттө турат жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунан медициналык кызматкерлер дайындалган.

Жардамга муктаж үй-жайсыз адамдарды көргөн борбор калаанын жарандары жана коноктору көрсөтүлгөн телефондорго, ошондой эле милицияга (102) жана тез жардам кызматына (103) чалууну суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15095