Эмне үчүн саясатта аялдардын саны аз?
RU

Эмне үчүн саясатта аялдардын саны аз?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын башкаруу системасында аялдардын саны аз. Учурда Министрлер Кабинетинин курамында үч гана аял бар (21 адамдын ичинен): Санариптик өнүктүрүү министри (Кутнаева Нурия Асылбековна), Билим берүү жана илим министри (Кендирбаева Догдуркүл Шаршеевна), Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри(Баатырова Гүлнара Маришовна).

Ал эми мыйзам чыгаруу бийлигинде аялдардын санын көбөйтүү үчүн атайын квота киргизүү пайда болду. Бирок Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышында мыйзам боюнча аялдар үчүн талап кылынган 30 пайыздык квота сакталбай келет. Аралаш шайлоо системасы гендер боюнча диспропорциялуу натыйжаларга алып келди.

Маалымат

Парламенттер аралык биримдиктин маалыматы боюнча, дүйнөдөгү парламенттердин түзүмүнүн орточо 26,7%ын аялдар түзөт. Ошол эле учурда лидерлердин ондугуна кирген Африка, Латын Америка өлкөлөрү менен бирге, мусулман өлкөсү Бириккен Араб Эмираттары бар. Бүгүнкү күндө БАЭде парламенттин 50%ын айымдар түзөт. Исландия менен Швеция 7 жана 9-орунда. Борбор Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринин ичинен Кыргызстан Өзбекстандан бир топ артта калды. Анткени, Өзбекстандын парламентинин 34,6%ын айымдар түзөт. Ал эми Тажикстанда 27% болсо, Түркмөнстанда 25,6%.

Kaktus kg редакциясы эмне үчүн саясатта аялдар аз, алар бул жолдо кандай кыйынчылыктарга туш болушат жана эмне үчүн саясатта гендердик теңчиликке умтулушубуз керек деген суроолорго жооп издейт.

Аялдардын колунан баары келет

Арууке Абдукаримова - Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылдык кеңешинин депутаты. Арууке Абдукаримова 2011-жылы айыл өкмөт башчысы болууга талапкер болгон. Анда ал эки гана добуш менен жеңишке жетпей калган. Абдукаримова 2014-жылы кайрадан айыл өкмөт башчылыгына талапкерлигин коюп, эркек атаандашына бир добуштан утулуп калган.

"Биздин менталитетибизде "Аялга бийликти бербейбиз" деген нерсе бекемделип калган. Анын колунан бардыгы келип турса дагы, мүмкүнчүлүк беришпейт. Тууган-туушкандарыбызды, досторубузду колдошубуз керек деген ишеним бар. Мен бул аймакка келин болуп келгем. Ошондуктан ачык эле "Биз келинге башкартпайбыз!" дешти.

Маалымат

2023-жылы жарыяланган "Саясаттагы аялдардын дүйнөлүк картасы" деп аталган изилдөөдө, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча саясий кызматтарда болуп көрбөгөндөй көп аялдар бар экени жазылган. Бирок, ошентсе да гендердик теңчилик сакталбайт. Аялдар дагы эле мамлекет жана өкмөт башчыларынын арасында азчылыкты түзөт (дүйнө жүзү боюнча). Алар өкмөттүн түзүмүндө өтө эле аз көрсөтүлөт. Министрлер Кабинетинин ар бир төртүнчүсү аял дегенибиз менен, эркектер экономика, коргонуу жана энергетика сыяктуу маанилүү тармактарда үстөмдүк кылууну улантууда.

Арууке Абдукаримова башка стереотиптерге туш болгонун айтат. Мисалы, ошол эркек депутаттар айылга эмне керек экенин аялдарга караганда жакшы билишет, деп ойлойт ал.

"Мен фитнес клуб ачууну сунуштадым. Биздин айылдагы аялдардын көбү үйдө отурат, бала төрөп, ден соолугуна кам көрүшпөйт. Бирок биздин эркектер ага макул болушкан жок", - деп кошумчалады депутат.

Маалымат

Кыргызстанда "Эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрүнүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" мыйзам иштейт. Анда гендердик тең салмактуулукту сактоо зарылчылыгы айтылат. Бирок, эксперттер коңгуроо кагып, бул мыйзам формалдуу гана болуп жатканын белгилешүүдө. Маселе башкаруу системасындагы аялдардын санынын аздыгында гана эмес, алардын жетекчилик кызматтар да аз экенинде жатат.

Арууке Абдукаримова депутат болгонго чейин эле көптөгөн социалдык маселелерди чечкенин айтты. Маселен, ал жеке үйдө бала бакча ачып, беш аял менен бир жыл бекер иштеген.

"Биздин айылдын көптөгөн жаштары чет жакка иштегени кеткендиктен, алардын балдарын чоң ата, чоң апалар карап калышат. Мындан улам мен бала бакча ачууну чечтим. Баары мени колдоп, жардам бере башташат деп ойлогом, бирок жаңылыптырмын. Алгач эле айыл башчы каршы чыкты. Ал эми райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жоопкерчиликти ала албастыгын билдирди. Айла жоктон бардык уюмдарга кайрыла баштадым. Ошентип, 2015-жылы менин өтүнүчүмдүн негизинде мамлекеттик бала бакча салууга 34 млн. сомдук долбоор бекитилип, мамлекеттик бюджеттин эсебинен бала бакча курулду ", - деди ал.

Абдукаримова саясатта аялдар аз, анткени алар өздөрүнө ишенбей, бири-бирин колдобойт деп эсептейт.

"Саясатта көпчүлүк учурда эркектер өздөрү уюша калып, чогуу каалаганына жетишет. Ал эми айымдар аз. Ошондуктан мен жалгыз аракет кылдым. Мындан улам аялдарга айткым келет, коркпогула. Саясатка баргыңар келсе баргыла! Эгер каалооң болсо, максатың болсо, анда сөзсүз ийгиликке жетесиң", - деди Арууке эже.

Маалымат

2023-жылдын 1-январына карата аялдар өлкөлөрдүн 11,3%ын (монархиялык системаларды эсепке албаганда 151 өлкөнүн 17син) айымдар жетектеп, 9,8%ында аялдар өкмөт башчы болгон (193 өлкөнүн 19у). Бул он жыл мурунку (5,3% жана 7,3%) болгон көрсөткүчтөргө караганда көп. Бардык региондордун ичинен Европа дагы эле аялдар жетектеген өлкөлөр боюнча биринчи орунда турат. Бирок, башка аймактардын көбүндө аялдардын үлүшү өтө аз: Борбордук жана Түштүк Азияда алардын үлүшү 10,1 пайызды жана Тынч океан аралдарында 8,1 пайызды түзөт (Океания, Австралия менен Жаңы Зеландияны кошпогондо). Жалпы 13 гана өлкөдө, негизинен Европада, гендердик паритетке жетишкен өкмөттөр бар.

Абдукаримова айыл башчысы болбой калганын убактылуу гана деп түшүнөт. Себеби, ал өзүнө ишенет.

Стереотиптер жөнүндө

Саясий карьераны тандаган аялдар көптөгөн тоскоолдуктарды жеңүүгө туура келет. Бул тууралуу Kaktus.kg сайтынын редакциясы баарлашкан бардык айымдар айтып беришти.

Айгүл Муканова 20 жылдан бери китепканачы болуп иштеп келет. Эми ал Нарын шаардык кеңешинин депутаты дагы. Айгүл айым шайлоо өнөктүгүнө катышып, талапкер болуудан абдан корккондугун жашырбайт.

"Атаандаштык жогорку деңгээлде өттү. Уюмдардын жетекчилери, белгилүү адамдар өнөктүккө катышты. Мени эч ким колдобой тургандай сезилди. Китепканачыга эч ким добуш бербейт го деп корктум", - дейт ал.

Бирок, Айгүл Муканова атаандаштарынан корксо да аракетин токтоткон эмес.

"Мен ар дайым коомдук иштерге активдүү катышып келгем. Депутат болуу менен мындан да көп көйгөйлөрдү чечем деп ойлочумун. Бул иш менин колумдан келди. Буга чейин иштегенимди көргөндөр мага добуш беришти", - дейт Айгүл Муканова.

Ал эми Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылдык кеңешинин депутаты Айгүл Дүйшөнова шайлоодо жеңип чыккандан кийин кыйынчылыктарга туш болгон.

"Социалдык тармактарда мени көп сындашат: "Эмне үчүн үйдө тынч отура албайсың?", "Эмне үчүн ал жакка бардың?", "Балдарың менен үйдө болбойсуңбу" ж.б. "бузуку" дешет. Себеби, мен жергиликтүү бийликти сындайм. Туугандарыма, кээде күйөөмө "аялыңды тизгинде" деп кайрылгандар болот. Жада калса таякеме да "мени тынчтандыр" деп кеңеш беришчү. Мага анын жообу жакты: "Эгер иштей албасаң, ага Айгүлдүн эмне тиешеси бар?", - деп айтып берген Айгүл айым саясатка келгенде бул сөздөргө психиологиялык зомбулук жактан даяр болгонун баса белгиледи.

Маалымат

2022-жылы берилген ЕККУнун изилдөөсүндө сурамжылоого катышкан аял саясатчылардын же аял талапкерлердин 32 пайызынын жообу үгүт өнөктүгү учурунда кандайдыр бир психологиялык зомбулукка кабылганын көрсөттү. Сурамжылоого катышкан саясатчы аялдардын же талапкерлердин үчтөн бир бөлүгү экономикалык зомбулукка кабылган. Бул экономикалык ресурстарга бирдей жеткиликтүүлүктүн жоктугу. Шайлоо өнөктүгү чоң каражатты талап кылат жана бул каражат саналуу гана аялдарда бар.

2021-жылдын июль айында мурунку депутат Аманкул Токтомамбетов аялдар үчүн орундардын санын кыскартууну сунуштаган. "Долбоордо ар бир үчүнчү орун аялдарга бөлүнөт деген норма бар болчу, азыр ар бир төртүнчү депутат - аял болот, эгер, ар бир экинчи депутат айым боло турган болсо "Кыз-Бурак" ансамбли түзүлөт", - деген ал.

Бактыга жараша, бардык эркектер бул позицияда эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "гендердик квота түз демократия эмес, бирок бул керек, аялдар үйдө отура бербей, лидер болсо жакшы болот. Мисалы Роза Отунбаева убактылуу болсо да президент болгон. Ал жакшы иштеп, өз салымын кошо алган. Саясатчы аялдардын көбөйүшү жакшы" деген.

Муну жакындарынын колдоосу менен ийгиликтерге жетишкенин депутат айымдардын өздөрү да баса белгилешет.

Маселен, Гүлмира Худайбердиева Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты. Ал мурунку чакырылышта да шаардык кеңештин депутаты болгон. Гүлмира айым күйөөсүнүн колдоосун сезген соң экинчи ирет ат салышууну чечкенин айтат. Ал эми жолдошу Урбай Эргешов айымдар саясатта керек экенин баса белгилейт.

"Мурунку чакырылышта менин оюмча Гүлмирадан башка аял жок болчу. Анда квота деген түшүнүк жок эле. Эми бул мыйзамдын аркасында шаардык кеңеште аялдардын саны көбөйдү. Бул жакшы. Себеби аялдар эркектер билбеген көйгөйлөрдү көтөрүп жатышат. Аларды аялдар чечүүгө аракет кылып жатышат", - дейт Гүлмира айымдын күйөөсү.

Бийликте канча аял бар?

Учурда Жогорку Кеңеште 90 депутат бар, анын 19у гана аялдар (бирок кеминде 30 болушу керек). 19 айымдын бирөөсү гана бир мандаттуу округдан шайланган. Бул - Эльвира Сурабалдиева.

Маалымат

Парламенттеги 19 аял депутаттын ичинен бир гана айым бир мандаттуу округдан келген. Калган 18и партиялар аркылуу келишкен. Алар партиянын тизмесине аялдарды киргизүүгө милдеттендирген квотанын аркасында депутат болушту. Белгилей кетсек, партиялар акыркы тизмеге мыйзам чегинде милдеттендирилген гана сандагы айымдарды кошот. Муну эске ала турган болсок, гендердик квота болбогондо азыркы чакырылышта бир эле аял депутат болмок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, жалпы республика боюнча аял депутаттардын саны 3432 (37,9%) түзөт. Анын ичинен 259 аял (28,2 процент) шаардык, 3173 аял (39 процент) айылдык кеңештердин депутаттыгына шайланган.

"Биз көрүп тургандай, жергиликтүү кеңештерде аялдардын өкүлдөрү көбүрөөк. Бирок бийлик жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын санын кыскартуу жөнүндө жаңы мыйзамды кабыл алганы жатышат. Эгерде, жалпы саны азайса, аялдардын саны да азаят. Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн баары эркектер. Райондун акимдеринин арасында дагы айымдар жок. Мыйзамдын талаптарын аткаруу үчүн гана аялдарды орун басарлыкка коюп коюшат",- дейт юрист жана укук коргоочу Атыр Абдрахматова.

Ошол эле учурда Абдрахматова орто мамлекеттик кызматтарда иштеген аялдардын саны 50 пайызга жеткенине көңүл бурат.

"Бул көрүнүш аялдар кызмат аткарышы керек дегенди түшүндүрөт да, бирок башкарууга келгенде аялдарга орун жок. Тилекке каршы, бул калыптанып калган стереотиптик мамиле. Биз үй-бүлө жөнүндө сөз кылганда да, эркек башкарышы керек, аял болсо ага баш ийип, анын айтканын кылышы керек деген ой калыптанып калган", - дейт эксперт.

Эмне үчүн бизге бийликтеги аялдар керек?

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты Нилуфар Алимжанова үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, аялдардын жана балдардын укуктарын коргоо маселелерин талкуулоого аялдар көбүрөөк катышып жатканын белгилейт.

"Аял-депутаттар билим берүү, саламаттыкты сактоо, балдарды коргоо маселелерин талкуулашат", - деп белгилейт ал.

Ушундай эле нерсени глобалдык деңгээлде БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясынын төрагасы Чаба Кёрёши билдирген.

"Аялдар мамлекеттин же өкмөттүн башында турганда, ар бир адамга, өзгөчө калктын аярлуу катмарына пайдалуу чечимдерди кабыл алат. Аял лидерлер айырмачылыкты жаратат", - деп, Чаба Кёрёши аялдар саясатка узак мөөнөттүү, келечекте оң өзгөрүүлөрдү тартуулай тургудай багыт алышаарын кошумчалады.

Маалымат

Аял саясатчылардын саны көп өлкөлөр саламаттыкты сактоо, билим берүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу сыяктуу маселелерге көбүрөөк көңүл бурушат. Жаңжал чыккан кырдаалда аялдардын коомдук турмушка катышуусу тынчтык процесстерине жана сүйлөшүүлөргө болгон ишенимди арттырып, жамааттарды бириктирүүгө жардам берет. Ошондой эле изилдөөлөр көрсөткөндөй, аялдар бийликте канчалык көп болсо, кыздар ошончолук билимге жана карьерага умтулушат.

Кошумчалай кетсек, аялдар жана кыздар дүйнө калкынын жарымын түзөт, бул адамзаттын потенциалынын жарымына барабар. Адамдын эң маанилүү укуктарынын бири болгон гендердик теңчилик коомдогу тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууда жана туруктуу өнүгүүнүн негизинде адам потенциалын толук ишке ашырууда негизги ролду ойнойт.

"Калкыбыздын жарымын чечимдерди кабыл алуу процесстерине жигердүү катышуудан четтетүү жана аларды шайлоо укугунан ажыратуу менен биз демократиябызга коркунуч келтирип, шыктуу жана таланттуу адамдарга көңүл бурбай жатабыз", - деп эскертет Адам укуктары боюнча демократиялык институттар бюросунун директорунун мурдагы биринчи орун басары Катарзына Гардахадзе.

Ошондой эле Кыргызстан эл аралык жана ички мыйзамдарга ылайык бардык деңгээлдеги гендердик теңчиликти илгерилетүү боюнча милдеттенме алганын да эстен чыгарбоо зарыл.

Эмне аткарылды жана эмне кылуу керек?

2005-жылы Кыргызстанда тең шайланууга укук болгонуна карабастан, парламентке бир да айым депутат болуп келген эмес. Эки жылдан кийин гана парламенттик шайлоодо биринчи жолу партиялык тизмедеги шайлоо квотасы кабыл алынып, аял депутаттардын санынын көбөйүшүнө шарт түзүлдү. Бирок, жергиликтүү деңгээлдеги кырдаал аял депутаттардын саны тынымсыз азайып баратканын көрсөттү. Эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү мындай тенденция улана берсе, 2028-жылга чейин жергиликтүү кеңештерде аял депутаттар такыр жок болуп калат деп болжолдошкон. 2019-жылы жергиликтүү кеңештерге аялдардын 30 пайыздан кем эмес квотасын милдеттендирген жаңы мыйзам кабыл алынып, эгерде аял депутат башка кызматка дайындалса же кызматтан кетсе, мандат тизмедеги кийинки аял депутатка берилээрин камсыздаган. Бул жергиликтүү деңгээлде бийликте аялдардын өкүлчүлүгүн бир кыйла көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Маалымат

"Квота – бул механикалык, мажбурлоо чарасы. Көпчүлүк: "Аялдар үчүн ушундай механикалык "лифттерди" түзүү туурабы?" деген суроону узатышат. Эгер айым депутат болгусу келсе, анда мырзалар менен тең ата ат салышсын! Бирок барын жеңил деп айтууга болбойт. Чындыгында мыйзамда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдар менен эркектерге бирдей шарттар түзүлгөн. Бирок ар бир чакырылышта жергиликтүү кеңештерде аялдардын үлүшү азайып бара жатат. Буга көптөгөн себептер таасир этип, анын ичинде мыйзам менен жөнгө салынбаган факторлор да бар. Мисалы, үй-бүлөдөгү гендердик рол, стереотиптердин таасири, бейкалыс көз караштар жана башкалар. Коомго өлкөнүн калкынын жарымын түзгөн аялдар жергиликтүү кеңештерде өкүл болушу керек деген түшүнүктү кайтаруу маанилүү болду. Айрыкча жергиликтүү кеңештер аялдарга түздөн-түз таасирин тийгизген маселелерди жана көйгөйлөрдү чечери айкын. Мисалы, ичүүчү таза суу, айылдардын жана шаарлардын санитардык абалы, мектепте билим алуу жана мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгү.

2016-2019-жылдары кабыл алынган мыйзамдардын Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүгө жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө тийгизген таасири жөнүндө баяндамадан.

[16:29] Natalya Timirbaeva

Бирок бул чаралар жетишсиз. Эксперттер чыныгы теңчиликке жетүү үчүн төмөнкү кадамдарды жасоону сунушташат:

  • шайлоо мыйзамдарын карап чыгуу, максаттуу чараларды, анын ичинде квоталарды көбөйтүү сыяктуу убактылуу чараларды көрүү, Жогорку Кеңеште, жергиликтүү кеңештерде, сот органдарында жана илимий чөйрөдө аялдардын өкүлчүлүгүн жогорулатуу;
  • саясий партияларды шайлоо тизмелерине аялдардын жана эркектердин фамилияларын кезектешип көрсөтүү менен бирдей сандагы аял жана эркек талапкерлерди киргизүүгө милдеттендирүү (чагылган системасы);
  • аял саясатчылардын жана аял талапкерлердин саясий үгүт иштерин жүргүзүү, лидерлик жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөндөмдөрүн жогорулатууну камсыз кылуу;
  • саясатчылардын, массалык маалымат каражаттарынын, диний лидерлердин, коомдук ишмерлердин жана жалпы коомчулуктун CEDAW Конвенциясы, өлкөнүн саясий жана коомдук турмушуна аялдардын эркектер менен тең укуктуу, толук, көз карандысыз жана демократиялык катышуусунун маанилүүлүгү жөнүндө маалымдуулугун Конвенциянын аткарылышын гарантиялоо максатында жогорулатуу;
  • шайлоо учурунда аялдарды гендердик зомбулуктан жана кастык сөздөрдөн жана соттук айыптоолордон, анын ичинде онлайн режиминде коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү;
  • укук коргоочу аялдардын ишмердүүлүгүндө бардык чектөөлөрдү алып салуу жана алардын саясий жана коомдук турмушка катышуусуна өбөлгө түзүү, анын ичинде гендердик зомбулуктан коргоону камсыз кылуу аркылуу көмөктөшүүчү жагымдуу чөйрөнү түзүү;
  • шайлоо учурунда аялдарды гендердик зомбулуктан, кастык жана айыптоо сөздөрдөн, анын ичинде онлайн режиминде коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү;
  • укук коргоочу аялдардын ишмердигине бардык чектөөлөрдү алып салуу;
  • аялдардын саясий жана коомдук турмушка катышуусун жеңилдетүү үчүн анын ичинде гендердик зомбулуктан жана куугунтуктардан коргоону камсыз кылуу аркылуу жагымдуу шарттарды түзүү.

Кошумча чаралар көрүлбөсө, анда парламенттерде тең өкүлчүлүккө керек болсо 2062-жылга чейин жетүү мүмкүн эмес. Жалпысынан алганда, өнүгүүнүн азыркы темпинде гендердик теңчиликке жетишүү болжол менен 300 жылга созулушу мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15158