Александр Сан "Рух Ордо" борборун мамлекетке өткөрүп, бюджетке 537 млн сом кайтарды
RU

Александр Сан "Рух Ордо" борборун мамлекетке өткөрүп, бюджетке 537 млн сом кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү "Рух Ордо" борбору мамлекеттин балансына өттү. Андан тышкары мамлекеттик бюджеттин балансына 537 млн сом кайтарылдып деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Белгилүү болгондой, К.Көлбаев тарабынан алынган кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында 21-ноябрда С.А.Б. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топту каржылоого шек саналган.

18-декабрда С.А.Б. Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" туристтик борборду мамлекеттин карамагына өткөрүп, бюджетке 537 млн сом төктү.

Учурда УКМК тарабынан К.Көлбаевге тиешелүү болгон мүлктөрдү аныктап, мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Kaktus.media сайтына белгилүү болгондой, Александр Сан СИЗОдон бошотулду. Белгилесек, ал 2024-жылдын 4-январына чейин камакка алынган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15163