Экс-депутаттын уулунун Дубайда 24 батири бар экени аныкталды. Ал УКМК тарабынан кармалды
RU

Экс-депутаттын уулунун Дубайда 24 батири бар экени аныкталды. Ал УКМК тарабынан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Маркум Камчы Көлбаев тарабынан кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу кармалды. Бул туурасында УКМК тараткан маалыматта айтылат.

Белгилүү болгондой, 6-декабрда М.А.М. аттуу кыргыз жараны (экс-депутаттын уулу) кармалып, ага Октябрь райондук соту тарабынан 222-берененин 3-бөлүгү ("Кылмыштуу кирешелерди адалдоо") менен айып тагылып, СИЗО-1ге камакка алынды.

Ал К.Көлбаевдин жана анын айланасындагылардын кылмыштуу иш-аракеттерин билип туруп, кылмыштуу жол менен алынган мүлккө мыйзамдуу көрүнүштү берүү максатында 2020-жылы чыккан Lexus LX570 брондолгон унаасын өзүнүн атына каттаткан. Ошондой эле унааны К.Көлбаевге жана анын уюшкан кылмыштуу топбунун мүчөлөрүнө пайдалануу үчүн берген.

Мындан тышкары М.А.М. кримавторитет Көлбаев менен үй-бүлөлүк жакын мамиледе болгон, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жаштар жана спортчулар үчүн өткөрүлгөн жеке спорттук иш-чараларды каржылаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө анын көптөгөн мүлктөрү аныкталды. Арасында БАЭнин Дубай шаарындагы элиталуу районунда 24 батири (баасы 4,5 млн доллардан ашат) бар экени такталды.

Учурда УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан К.Көлбаевге тиешеси бар мүлктөрдү, кирешелерди аныктоо жана мамлекетке кайтаруу иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15172