Жоламан Шаршенбеков: "Алдыңкы жеңиштерге эски желекти гана көтөрүп чыгам"
RU

Жоламан Шаршенбеков: "Алдыңкы жеңиштерге эски желекти гана көтөрүп чыгам"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча дүйнөнүн эки жолку, Азиянын эки чемпиону, эл аралык класстагы спорт чебери, 2020-жылдагы Олимпиаданын катышуучусу Жоламан Шаршенбеков Kaktus.kg редакциясына маек берип, желекти өзгөртүүгө каршы оюн билдирди.

Ал алдыңкы жеңиштерде, эл аралык аренада Кыргызстандын алгачкы туусун гана көтөрүп чыга турганын баса белгиледи.

"Мен тууну өзгөртүүгө каршымын. Буга чейин желек өзгөртүлсө чыгым болбойт дешпеди беле. Менде эски желек бар. Жаңы сатып албайм. Алдыда эски желекти гана көтөрүп чыгам", - деп өз оюн билдирди балбан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15176