Ошто 15 жаштагы өспүрүм ооруканага түшкөндөн кийин дарыкананын мыйзамсыз иши аныкталды
RU

Ошто 15 жаштагы өспүрүм ооруканага түшкөндөн кийин дарыкананын мыйзамсыз иши аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаарындагы "Мир и Нур" дарыканасы психотроптук, күчтүү таасир этүүчү дарыларды мыйзамсыз саткан. Аны пайдаланган 15 жашар кыз ооруканага түшкөн дешет Ош ШИИБден.

Шаардык башкармалыктын маалыматына караганда, 17-декабрда 2008-жылы туулган кыз оор абалда Ош шаардык ооруканасына жеткирилип, дарыгерлердин жардамы менен анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон.

Ош ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу тарабынан иликтөө жүргүзүлүп, өспүрүм кыз "Мир и Нур" дарыканасынан 4 психотроптук дарыны рецепти жок сатып алып пайдаланганы, буга чейин да аталган дарыканадан күчтүү таасир этүүчү каражатты алып, пайдаланып жүргөнү такталды.

Ошондой эле жогорудагы дарыканадан өспүрүмдөргө эч кандай көрсөтмөсү жок эле психотроптук дарылар сатылып келгени аныкталган. Өспүрүмгө 2 түрдөгү 3 дары 900 сомго сатылган. Дарыканадагы мыйзамсыз сатылган каражаттар фото, видео жана сатып алуучулардын көрсөтмөсү менен тастыкталды.

Учурда тиешелүү материалдар чогултулуп, Ош шаарындагы "Мир и Нур" дарыканасынын кызматкерлерине тиешелүү юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына жана Оштогу дары-дармек, медициналык шаймандар департаментине жөнөтүлду.

Ош ШИИБден буга чейин "Мир и Нур" дарыканалар түйүнүнүн дагы бир филиалында ушундай психотроптук дарылар рецептсиз сатылганы аныкталганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15178