Made in KG. АКШда бааланган Баткендин кургатылган жемиштери
RU

Made in KG. АКШда бааланган Баткендин кургатылган жемиштери

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан 2023-жылы АКШга 44,9 миң долларга 34,5 тонна кургатылган мөмө-жемиштерди экспорттоду. Бул өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсеге көп. Экспортко чыккан азыктардын ичинде Баткен районунун Кара-Бак айылындагы "Алтын Аймак" ишканасы тарабынан өндүрүлүп, кургатылып, таңгакталган жемиштер дагы бар.

"Мен бул тармакта 2008-жылдан бери иштейм. Базарда он жылга жакын иштедим. Алгач Баткендин өрүктөрүн, Жалал-Абаддын жаңгактарын (грек жаңгагы) саткам. Андан кийин өрүк сатуунун көлөмүн жогорулатышым керек экенин түшүндүм", - дейт Курбанбек Обозов.

Эгерде СССР убагында биздин айылда 100 түп өрүк өссө, кийин 10 миң түп болду. Ошентип түшүмдү сатууга туура келди.

Баткен өрүгү Кыргызстанда эле белгилүү эмес. Дыйкандар түшүмдүн көбүн кургатылган жемиштерди башка өлкөлөрдүн базарларына жеткирген ортомчуларга сатышат. Курбанбек Обозов өзүнүн өндүрүш ишканасын ачканга чейин ортомчу болуп иштеген. 44 жаштагы ишкер башында азыктарды аткезчилик жол менен да сатып көргөнүн жашырган жок. Бирок кийин эл аралык рынокту багындыруу, Баткен өрүгүн таанымал кылуу амбициясы күч алып, 2017-жылы Обозов "Алтын Аймак" ишканасын негиздеген.

"Адал жол менен иштөөнү чечтим, ал үчүн өкүнгөн жокмун. Азыр менин жеке ишканам, дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген кардарларым бар. Мен ачкан ишкана Баткен облусунда саналуу ишканалардын бири. Ошондуктан бардык кардарларды жана туристтерди мага жөнөтүшөт. Баткен облусунда өскөн бардык мөмө-жемиштерден кургатылган азыктарды сатам", - дейт Обозов.

Маалымат үчүн: Баткен облусундагы негизги азык - өрүк. Бирок бул жакта алма, кара өрүк, мөмө-жемиштердин башка түрлөрү да өстүрүлүп, экспортко чыгат.

Баткен облусунда көпчүлүк багбандар өрүктү үй шартында күнгө жайып кургатышат - бактыга жараша, жергиликтүү климат ага мүмкүнчүлүк берет. Бирок Обозов USAIDдин "Атаандаштыкка жөндөмдүү ишкана" долбооруна кайрылган. Долбоор ага жабдууларды сатып алууга, жумуш орундарынын санын, ошондой эле продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө жардам берди.

Башка дыйкандар деле кайра иштетүүчү ишканаларды ачуу керектигин түшүнүшөт, бирок техника сатып алууга баарынын эле баштапкы каражаты жетишсиз.

Айыл чарба министрлиги дыйкандарды колдоо үчүн бардык шарттарды түзүп жатканын ишендирүүдө. Экспортту көбөйтүү максатында 2024-2028-жылдарга соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү программасы иштелип чыккан.

"Баткен районунда "Алтын Аймак" ишканасынан башка "Алыш-Дан" жана "Интерфрукт" ишканаларында кургатылган мөмө-жемиштер өндүрүлөт. Үч ишкананын тең продукциялары Hazard Analysis and Critical Control Points (HACCP - тобокелдикти талдоо жана критикалык башкаруу пункттарын аныктоо) талаптарына жооп берет", - деп белгилешти министрликтен.

Айыл чарба министрлигинин агро-өнөр жайлык кластерлер башкармалыгынын башчысы Дамира Аскарбекованын айтымында, эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап соода-логистикалык борборлорду куруу багытында министрлик донорлор менен биргеликте продукциянын сапатын жогорулатуу жана жеңилдетилген насыяларды алуу үчүн шарттарды түзүү максатында окутууларды, семинарларды өткөрүүдө.

"Ошондой эле соода-логистикалык борборлор үчүн атайын жер бөлүп берүү артыкчылыктуу багыт болуп, биздин продукцияны сатып алууга кызыкдар өлкөлөр менен иштешип жатабыз. Биздин ишкерлердин экспортко чыгуусуна шарттарды түзүү үчүн меморандумдар, келишимдерге кол коюлууда", - деп кошумчалады Аскарбекова.

К.Обозов өндүрүлгөн продукциянын сапаты жаңы рынокторду багындырууга мүмкүндүк берип жатат деп эсептейт. "Дыйкандар кургаткан мөмө-жемиштерди базардан сатып алабыз. Ар бир мөмө-жемиштерди аябай тазалап жууп, кургатуучу цехтерге жөнөтөбүз, кургаткандан кийин сорттоп, кайра кургатып, анан гана таңгактайбыз. Азык даяр болгон соң эн белгилерди чаптап, кампага жөнөтөбүз. Ага чейин кургатылган жемиштер караңгы, салкын кампада сакталат", - дейт ишкер.

Ишкананын өндүрүшү башынан эле экспортко ылайыкташкан.

"Мындан бир топ убакыт мурда Ташкентте өткөн айыл чарба көргөзмөсүндө АКШдан келген бир ишкер менен таанышып калдым. Ал өзүнүн тажрыйбасы менен бөлүшүп, эл аралык рынокко кантип чыгууга болорун айтып берди. Бул менин жеке ишканамды ачууга түрткү болду. Өндүрүштү баштагандан кийин ал менин туруктуу кардарым болуп, Нью-Йоркто Кыргызстандын кургатылган жемиштерин сатып калды. Ал АКШдагы жалгыз кардар эмес, Чикагодо биздин кургатылган жемиштерди Кыргызстандан эмиграция болгон жигиттер да сатышат. Ишибиз ийгиликтүү эле болуп жатат", - дейт ишкер.

Азыр Курбанбек Обозовдун Түркия, Украина жана Беларусь өлкөлөрүнөн дагы бир топ туруктуу кардарлары бар.

"Алтын Аймак" компаниясы Түркияга жыл сайын 200 тоннадан ашык кургатылган кара өрүк жөнөтөт. АКШга болсо 1-2 ай сайын бир контейнер өрүк (22 тонна) жөнөтүлөт. Жалпысынан ишкана жылына 4 миң 500 тонна кургатылган мөмө-жемиш экспорттойт.

"Бош отурбайбыз, тынымсыз жеткирүү иштери болуп жатат. Кудайга шүгүр, товар жүгүртүүбүз жакшы", - деп кошумчалады ал.

"Алтын Аймак" таңгакталган азыктардан тышкары кургатылган жемиштерди чийки зат катары экспорттойт.

"Биз негизинен кургатылган жемиштерди чийки зат катары Түркиядагы ишканаларга 10-20 килограмм ящиктерге салып жөнөтөбүз. Ошондой эле Беларусь менен Украинага жөнөтүп турабыз. Азыр Украинадагы согушка байланыштуу жеткирүүдө кыйынчылыктар болуп жатат. Ал жакта үч ири кардарыбыз бар, алардан буйрутмалар келген. Бирок жеткирүүдө маселе бар", - дейт Обозов.

Мурдагы айыл чарба министри, Кыргызстандын мөмө-жемиш өстүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Тилек Токтогазиев өлкөбүздүн экспорт боюнча чоң көйгөйү - деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу дейт. Ал биздин азыктардын өтө кымбаттыгын логистика жана чет өлкөлөрдөгү базарларга жеткирүү менен байланыштырат.

Биз да ошого жараша кандайдыр бир жолду таап, чемпион болушубуз керек.

Анын айтымында, акыркы керектөөчү үчүн логистиканын үлүшү мүмкүн болушунча продукциянын өздүк наркынан төмөн болушу керек.

"Биздин өлкөдө кандайдыр бир нерсени өнүктүрүү жөнүндө сөз болгондо көпчүлүгү материалдык нерселер жөнүндө - завод-фабрикаларды куруу жана башкалар тууралуу сөз баштайт. Андан кийин гана продукциянын сатылышына өтөт. Бул туура эмес мамиле. Тескерисинче, сатуудан башташыбыз керек. Биз алгач продукция өндүрбөй эле даяр продукцияны кайра сатсак болот. Бирок эң негизгиси сатуу каналдарын түзүп алышыбыз керек. Аны жолго салып алгандан кийин инфраструктурага инвестиция кыла берсе болот", - дейт Токтогазиев.

Материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу - Обозов кабылган көйгөйлөрдүн бирөө эле. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин жумушчу табуу кыйындай баштаган. Учурда ишканада Кара-Бак айылынын 17 тургуну иштейт. Жалпысынан ишкана 35 жумушчу орунга эсептелген.

"Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы жаңжалдан кийин биздин айылдагы ишканалардын жумушчулары коркуп калса керек, башка шаар, кыштактарга кетип калышты. Чыр-чатактан улам жумушчу күчү жетишпей, аксап жатабыз. Коомдук транспорттун жоктугунан коңшу айылдан жумушчуларды тартуу кыйын болуп жатат", - деп белгилейт.

Тажикстан менен биздин айылдын ортосу 1,5 чакырымды түзөт. Мындан ары согуш, чыр-чатак болбосун. Тынчтык болсо баары жакшы болот.

Курбанбек Обозов кыйынчылыктарга нааразы деле эмес. Алдыдагы пландары жөнүндө бардык суроолорго тынчтык болсо, бардык маселелер чечилет деген жообун айтты.

Баса, анын ишканасы азыртан эле аймактагы стабилдүүлүккө салым кошуп келет. Биринчиден, экспорттун көлөмү көбөйүүдө, экинчиден, жергиликтүү тургундар иш менен камсыз болуп жатышат. Эң негизгиси "Алтын Аймак" сыяктуу ишканалар облустун жана бүтүндөй өлкөнүн кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүүгө салым кошууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15196