11-айлык баланы атасы энесинен тартып алган. Сот чечимди ата тарапка чыгарып берди
RU

11-айлык баланы атасы энесинен тартып алган. Сот чечимди ата тарапка чыгарып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нуриланын 11-айлык баласын баланын атасы тартып алды. Сот да баланы ата менен калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Нурила өзү билдирди.

Адвокат Мухаё Абдураупова келиндин видео кайрылуусун жарыялаган.

Эске салсак, жубайлар никесин кыйып, баш кошушкан. Балалуу болгондон кийин атасы баланы Нуриладан тартып алган. Буга чейин да бир нече жолу баланы уурдап чыккан. Бирок буларга карабастан соттук териштирүүлөр ата тарапка чечилген. Айласы кеткен эне Садыр Жапаровго кайрылып, жардам суроону чечти.

"Урматтуу президентибиз. Маматов Куштар деген сот менин баламды мен тарапка чечип берген жок. Эмчек эмип аткан баламды мага калтырган жок, атасы менен калсын деди. Социалдык коргоо да атасы менен калсын деди. Туура эмес чечим. Туруктуу жашаган жери жок дейт. Менин туруктуу жашаган жерим бар. Апамдын үйүндө турам. Эмне себептен ушундай чечип атышат. Эмне себептен акыйкат чечим чыгарып беришкен жок. Эмчекти баланы энесиз калтырбагыла. Мени сыздатып атышат. Эмчектеги баламды мендей кылып эч ким карай албайт. Булар акча алып жеп коюшкан", - дейт баланын апасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1533