Дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жигитти издөөгө 300дөн ашык куткаруучу чыкты
RU

Дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жигитти издөөгө 300дөн ашык куткаруучу чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголгон 28 жаштагы жигит 5 күндөн бери табыла элек. Аны издөөгө бүгүн, 19-январда жалпы 312 куткаруучу тартылды.

ӨКМдан кабарлагандай, издөөгө чыккандардын 188и Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары, курамында кинолог 10 дрон менен, ИИМден 120 кызматкер 2 дрон, Инсараг тобунун 4 адиси 2 дрон менен издөө ишин алып барышат.

Белгилесек, 1996-жылы туулган Маматалы уулу Мухамедаалы 14-январда үйүнөн чыгып кеткен. Ал акыркы жолу 15-январга караган түнү саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында "Жаннат Резорт" мейманканасындагы камералардын бирине тоо жакты көздөй бара жатканы түшүп калганы аныкталган.

Аталган жаранды издөө иши Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө жүрүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15347