Соттолуучуларга 4 млн. сомго тагылчу электрондук билерикке конкурс жарыяланды
RU

Соттолуучуларга 4 млн. сомго тагылчу электрондук билерикке конкурс жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Пробация департаменти соттолуучуларга тагыла турчу электрондук билерик сатып алууга конкурс жарыялады. Бул тууралуу жарыя Мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылды.

Мекеме 3 миллион 979,5 миң сомго 300 билерик сатып алууну пландап жатат. Ал смарт-сааттарга окшош колго тагыла турган, кара түстө болушу керек. Ичине чаң, суу кирбей, программалык камсыздоосун сырттан бирөө талкалабай тургандай болушу зарыл.

Билерик белгиленген чек арадан чыккан учурда сигнал берүүгө, ким, кайсыл жакка басканын көзөмөлдөөсү шарт. Электр тогу менен кубатталат, жанына Power bank да алуу керектелет.

Сынакка катышууну каалаган тараптар 5-февралга чейин табыштама жөнөтүшү керек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15353