Азия кубогу: Кыргызстан тайпада акыркы орунда, бирок плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар
RU

Азия кубогу: Кыргызстан тайпада акыркы орунда, бирок плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгү бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия кубогунун алкагындагы тайпадагы эки беттештин жыйынтыгында акыркы орунда келе жатат.

Белгилей кетсек, команда биринчи беттешинде Таиландга 0:2 эсебинде утулса, экинчи беттеште Сауд Аравиясына ушундай эле эсеп менен жеңилип калды.

Оюндун башталганына 10 мүнөт болгондо эле Айзар Акматов кызыл айып кагазын алып, Ак шумкарлар бир оюнчуга аз беттешти улантууга мажбур болду.

Оюндун биринчи бөлүгү 0:1 эсеби менен Сауд Арабиясынын пайдасына аяктап, беттештин экинчи бөлүгүндө улуттук курамадагы дагы бир оюнчу кызыл айып кагазын алып, оюндан четтетилди.

Жыйынтыгында 0:2 эсеби менен Сауд Арабиясына Кыргызстандын улуттук курамасы жеңилип калды.

Ошентип, F тайпасындагы турнирдик таблицада Кыргызстан курамасы 0 упай топтоп, акыркы орунда келе жатат. Сауд Арабиясы эки жеңиш жана алты упай менен биринчи орунда. Буга ылайык, Сауд Арабиясы турнирдин 1/8 финалында өз ордун камсыздай алды.

Таиланд төрт упай менен экинчи орунда, Оманда бир упай бар.

Улуттук курама тайпадагы финалдык беттешин 25-январда Оман менен өткөрөт жана жеңишке жетишсе, турнирдин плей-офф баскычына чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Эскерте кетсек, Азия кубогунун финалдык этабы Катарда тогуз стадиондо өтүп жатат. Анын алтоосунда 2022-жылкы дүйнө чемпионатынын беттештери өткөн. Төрт командадан турган алты топко бөлүнгөн жалпысынан 24 курама команда эңсеген кубок үчүн ат салышууда.

Буга чейин Кыргызстандын футболчулары 2019-жылы Азия кубогуна катышып, анда да тайпалык оюндарда үчүнчү орунду ээлеп, 1/8 финалында Бириккен Араб Эмираттыгы менен кез келип, мыкты оюн көргөзгөнүнө карабай, кошумча мүнөт берилген учурда пеналти менен БАЭ гол жаратып, жарым финалга жолдомо алган.

Ал оюнда көпчүлүгү пеналти негизсиз берилген деп, башкы калыстык милдетин аткарган кытайлык Фу Мингге нааразычылык билдиришкен. Эң кызыгы, 21-январда болгон Кыргызстандын Сауд Арабиясы менен беттешинде дал ошол кытайлык калыс Фу Минг "VAR" системасы менен калыстык милдетти аткарды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15359