Баткендеги лицейде окуучу сабалып, мугалим менен директордун орун басары иштен алынды
RU

Баткендеги лицейде окуучу сабалып, мугалим менен директордун орун басары иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакка окуучуга кол көтөргөн мугалимдин видеосу тарады. Окуя Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" билим берүү мекемесинде болгону айтылды.

Облустук ички иштер башкармалыгы редакциясы факты катталганын ырастап, учурда текшерүү башталганын билдирди.

"Окуя 22-январда саат 22:30 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы "Сапат" лицейинде орун алган. Окуучуну урган окуя Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталды. Териштирүү боюнча кошумча маалымат берилет", - дешти милициядан.

"Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин комментарийи

Аталган билим берүү мекемеси расмий маалымат таратып, жетекчилик жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурады.

"24-январында "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинде билим берүү мекемесине жарашпай турган жагымсыз окуя болду. "Сапат" эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурайт. Өз кезегинде жетекчилик Кызыл-Кыя шаарындагы Раззаков атындагы лицейдин администрациясы менен педагогуна тиешелүү чараларды көрдү, ошол эле учурда окуучулардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойт. Тилекке каршы, "Сапат" таза, гумандуу иштеген башка педагогдордун ак эмгегине шек келтирген педагогдор кездешпей койбой турганын билдирет. 32 жылдык тарыхыбызда биз баланы зомбулуктун бардык түрүнөн коргоо принцибин жогору тутуу менен баланын бардык кызыкчылыктарын камсыздоо максатында алардын укуктары менен кызыкчылыктарынын биринчи кезекте экенин эске алуу менен иштеп келгенбиз жана иштей беребиз.

Балага кол көтөрүү эч качан акталбайт жана биздин билим берүү мекемебизде жол берилбейт. Мугалим менен тарбия иштери боюнча директордун орун басары жумуштан бошотулду.

Директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15388