УКМК: Сузактагы айыл өкмөттүн имаратын атайын өрттөгөндөр аныкталып, камакка алынды
RU

УКМК: Сузактагы айыл өкмөттүн имаратын атайын өрттөгөндөр аныкталып, камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сузакта дээрлик 3 жыл мурда өрттөнүп кеткен айыл өкмөттүн имараты калыбына келтирилди. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, 2021-жылдын 10-октябрында Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнүн имаратында өрт чыгып, документтер жок кылынып, акчалар уурдалган. Бул ишке Сузак айылдык кеңешинин жана өкмөтүнүн айрым жооптуу адамдарынын катыштыгы бар экендигин аныкталган.

Өрттөө боюнча кылмыш ишин тергөө кечеңдегенине байланыштуу, күнөөлүүлөр убагында аныкталбай калган. Кылмыш ишин толук жана ар тараптуу иликтөө максатында 2023-жылдын август айында тергөө иштери УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгына өткөрүлгөн.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде өрт койгондор аныкталып, далилденди жана алар камакка алынды. Сузак айыл өкмөтүнүн административдик имаратына келтирилген 6 млн сом өлчөмүндөгү зыян күнөөлүүлөр тарабынан толугу менен толтурулуп, Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын оңдоого жумшалган.

Айыл өкмөт кызматкерлери 3 жылга жакын убакыт бою Сузак районунун паспорт столунун шартында иштеп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15420