Өспүрүм айткандарыңды кабыл алуусу үчүн кантип жеткирүү керек? Психолог айтып берет
RU

Өспүрүм айткандарыңды кабыл алуусу үчүн кантип жеткирүү керек? Психолог айтып берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өспүрүм курактагы бала менен мамилени кантип жакшыртса болот? Балдары бойго жеткен ата-энелер үчүн колдонмо. Клиникалык психолог жана психотерапевт Лилия Мухтарова өспүрүмдөр менен болгон мамилеге байланыштуу эң көп берилген суроолорго жооп берет.

- Өспүрүмдөрдүн жашоосуна качан аралашып баштоо керек?

- Качан кызыкканда жана качан өз жашоосуна киргизгенде. Келиңиз, аралашуу деген эмнени билдирерин тактап алалы. Кеп кайсы учурда аралашуу жөнүндө болуп жатат? Өспүрүмдүн жашоосунда көптөгөн аспектилер болушу мүмкүн - окуусу, достору, карама-каршы жыныстагы адамдар же интернет менен болгон мамилеси. Мектептеги жашоосуна зарылчылыкка жараша аралашуу керек, айталы, ата-энелер чогулушу, күндөлүктү текшерүү, мектепке баруусун көзөмөлдөө. Башкача айтканда, мектеп - ата-эне мыйзамдуу түрдө катышууга милдеттүү болгон аспект болуп саналат.

Ал эми досторуна келгенде, сылык сурасаңыз болот. Катышуу - бул эшикти каккылагандай эле нерсе. Ачышы мүмкүн, ачпашы мүмкүн, балдар ачпай койгонго да укугу бар. Бул үчүн таарынып, өзүңүз жаш бала болуп, тополоң салып же авторитетиңиз менен басым көрсөтүүнүн кереги жок.

"Кандайча мага ким менен жүргөнүңдү айтпайсың?" – "Мындай эле, достор менен". Болду, сизге жооп берди. Эгер бала сизге ушинтсе, андан ары эшик каккылоонун кажети жок.

- Көйгөйлөрү тууралуу кантип сураса болот?

- Өз балаңызды жакшы тааныйсыз. Маанайы начар экенин жөн гана абалынан, үнүнөн билип коесуз. Анда көйгөй бар экенин да көрө аласыз. Ал көйгөйгө туш болгондо: "Сен бир нерсеге кабатыр болуп жатасың. Мен сени бир нерсе тынчсыздандырып жатканын көрүп турам. Мен азыр эмне кыла алам? Сенин жаныңда болоюнбу, сени угайынбы? Мен сен үчүн бир нерсе кыла аламбы, айтчы." Анан ал эмне десе, ошону жасасаңыз болот.

- Кандай учурларда такыр аралашпоо керек?

- Өспүрүм курак - бул ушундай учур дейсиз, бала эки абалда болот: балалыкта жана бойго жеткен кезде. Мындай туруксуздук аны, чоңдор сыяктуу чечим кабыл алып жатып эле, күтүлбөгөн жерден "мени колуңузга алыңызчы" деген кичинекей балага айлантат. Бул термелүүлөр өзгөрүшү мүмкүн. Ошондуктан, суроо берип, түз айтыңыз: "Мен учурда өзүңүздү жаман сезип жатканыңды көрүп турам. Сени бир нерсе кыйнап жатабы? Сен мага айтсаң болот". Эгерде бала: "Жок, каалабайм" десе, сиз мындай деңиз: "Макул, мен апаң болгондуктан мага айткың келбейт экен. Балким, бул апалар угушу керек эмес болгон нерсе. Мүмкүн, мени тынчсызданат деп коркуп жаткандырсың. Мүмкүн, мени кабатыр болот деп коркуп жаткандырсың? Жакшы. Бул тууралуу сүйлөшкүңүз келген бирөө барбы? Ал ким? Муну ким менен сүйлөшкүңүз келет?" Мисалы, ал: "Ооба, мен муну улуу агам менен сүйлөшсөм болот",- дейт. Эгер ал: "Ооба, каалайт элем, бирок менде андай адам жок" десе, ага психологду сунуштасаңыз болот. Айталы: "Мен сени бир адам менен тааныштырайын, ошондо сени компетенттүү түрдө уга билген адам болот". Анан: "Мен психолог менен эмне жөнүндө сүйлөшкөнүңдү биле албайм, анткени этика деген бар" деп айтыңыз.

- Балаңыз көрө албастыктан же кайсы бир комплекстеринен улам кандайдыр бир иш-аракеттерди жасашы мүмкүн болгон достору жөнүндө окуяларды айтып берип жатканда, ал досунун аракети жакшы эмес экенин кылдаттык менен кантип айтып, себебин түшүндүрсө болот? Бирок, кийинчерээк бала мектепке барып мындай дегидей болбосун: "Апам сени көрө албас жана комплекстери көп экениңди айтты. Мына!"

- Баягыдай эле, чакырбаган жерге барбаш керек. Балаңызга баарын өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүк бериңиз. Ал инсан болуп калыптанып жатат, ушулардын баарын өзү тааныганды үйрөнүшү керек, кайсы жерде объективдүү, кайсы жерде көрө албастыкттан улам айтылды, кайсы жерде туура мамиле кылышты, кайсы жерде туура эмес мамиле кылышты жана ал кандай сезимде болду дегендей.

Бул жерде ал ролдорду ойноп көрүп, ал дагы аракет кыла баштайт: "Ооба, азыр мен башка адамга туура эмес мамиле жасап көрдүм. Мен адам катары өзүмдү кандай сезип жатам? Жок, бир нерсе мени ыңгайсыз кылып жатат. Жок, мен экинчи мындай кылбайм." Бирок ал аракет кылып көрбөсө, муну кайдан билмек эле? Анан өзү чечсин – өспүрүмдүн башынан өткөн бардык нерсеге аралашуунун кереги жок.

Сизге суроосу менен кайрылса, анда башка маселе. Мисалы, бир кыз үйгө келип, мындай дейт: "Апа, мен бүгүн жаңы көйнөк кийдим, ал мага абдан жакты. Ал эми курбум көйнөгүм жаман эле экенин айтты". Сиз баарын ага өткөрөсүз. Кызыңыздан сураңыз: "Курбуңа жакпаптыр, бирок өзүңө жагабы? Жакса киесиң, жакпаса, анда кийбейсиң." Кызыңыз: "Ал мага айтканга чейин, мага жакчу. Анан ал айткандан кийин жакпай калды". Дал ушул жерде диалог башталышы мүмкүн: "Азыр сен дүйнөнү, тагыраак айтканда, бул көйнөктү досуңдун көзү менен кабылдап жатасың. Сага дүйнөнү/көйнөктү башка бирөөнүн көзү менен кабыл алган жагабы? Сен ушундай жол менен кабыл алгың келеби? Кааласаң, аны башка бирөөнүн көзү менен кабыл алууга укугуң бар". Бала сынап көрсүн, кийип көрсүн. Ал башка бирөөнүн көзү менен өзүңдү жана иш-аракеттериңди, нерселерди, ж.б. баалоо кандай экени тууралуу ойлонот.

- Өспүрүм ачык болушу үчүн кантип туура сүйлөшүү керек?

- Өспүрүм куракка чейин балдарыңыз менен эч качан диалог курган эмес болсоңуз, анда өспүрүм куракта сүйлөшүү бир топ кыйынга турат.

Эгер балаңыз бир нерсе тууралуу бөлүшкүсү келип жатканын, бирок ортоңуздарда ишеним түзүлбөгөнүн көрсөңүз, анын жакын чөйрөсүндөгү кайсы бир адам менен сүйлөшө ала тургандай шарттарды түзүүгө аракет кылыңыз.

Ал машыктыруучусу, тууганы же сиздин курбуңуз болушу мүмкүн. Кызы апасына караганда апасынын курбусуна көбүрөөк ишенген учурлар кездешет. Айталы, апасынын курбусу менен диалог кура алат, бирок апасы менен кура албайт дегендей. Же психологго алып барыңыз. Эгерде дайыма диалог түзө алган болсоңуз, анда азыр бул сиз үчүн көйгөй эмес. Болгону жаш курагы өзгөрдү, темалар өзгөрдү.

- Ошондо апалар эмне кылышы керек? Ар дайым баласына курбусу аркылуу кайрылабы?

- Эгер апалар чындап эле туюкка кептелгенин, бала менен байланышы үзүлүп калганын түшүнсө, баласы андан оолак болуп жабылып калган болсо, анда психотерапияга бара алат. Баланын апасы аны психологго алып бара албайт, бала баары бир барбайт, укпайт. Ал сунуштагандын баарын бала автоматтык түрдө четке кагат, ал жөнүндө ойлонбойт дагы. Ал эми эне терапиядан өзү өтүп, андан кийин өспүрүм менен болгон мамилесине көз жүгүртө алат. Бул жерде физиканын мыйзамы иштейт: аракеттин күчү, каршы аракеттин күчүнө барабар. Эгер энедеги чыңалуудан арылсак, баладагы чыңалуудан автоматтык түрдө арылабыз. Бул жерде, жок эле дегенде, кандайдыр бир мүмкүнчүлүк пайда болот, бала жеңилдейт, ызы-чуу салган аракеттерин токтотот. Балким, алардын ортосунда кандайдыр бир байланыш, кандайдыр бир диалог пайда болот.

- Өспүрүм ата-энесинин жардамын жана колдоосун кабыл алгысы келбесе, кандай стратегиялар пайдалуу болушу мүмкүн?

- "Жакшылык кылуу" деген сөз бар. Келгиле, балдарыбызга "жакшылык кылбай" эле коелу. Жардам сунуштадыңызбы? Эгер бала: "Жок, мен өзүм чечем" десе, өзү чечсин. Жана сиз ага: "Макул, бирок мен сенин жаныңда экенимди билесиң. Ар дайым мага кайрылсаң болот". Диалог эмнегедир ушундай жол менен иштейт. Дайыма эле анын жашоосуна аралашууга аракет кылуунун кереги жок. Анын бой жатып келе жатканын, сизден бөлөк сырлары, каалоолору жана жашоосу бар экенин кабыл алыңыз.

- Өспүрүмдөрдүн ата-энелерине дагы эмне каалайт элеңиз?

- Мен ата-энелерге өздөрүнүн кызыктуу жашоосу болушун каалайм. Биринчиден, бул сизге балаңардын өспүрүм кезинин баштан кечирүүгө чоң жардам берет. Экинчиден, бул балаңызга адам көп нерсеге кызыкса болорун, жашоонун ар тараптуу экенин, социалдык тармактар ​​менен эле чектелбей турганын көрсөтөт. Алсак, бала апасы бийге, атасы спорт залга жазылганын көрдү дейли. Анан чогуу лыжа тебишти, бассейнге, достору менен шишкебекке барышты, китеп окушту ж.б. Жашоо ар кандай ырахаттардан турганын көргөн балага жашоодон мотивация алат.

Ата-энелер үчүн санарип энциклопедия (23 статьи)
Сүйүүгө кабылган өспүрүмдүн ата-энелери өзүн кандай алып жүрүшү керек?
11 Апрель 2024, 15:55
Өспүрүмдөр жыныстык жол аркылуу жукчу инфекциялар жөнүндө эмнени билиши керек?
9 Апрель 2024, 15:15
Эмне үчүн балдарды башкалар менен салыштырган болбойт?
8 Апрель 2024, 13:18
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15421