15 жашында өзүнөн 3 эсе улуу кишиге мажбурлап күйөөгө беришкен. Келин акыйкатчыга кайрылды
RU

15 жашында өзүнөн 3 эсе улуу кишиге мажбурлап күйөөгө беришкен. Келин акыйкатчыга кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева USAIDдин гендердик теңчилик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча улук глобалдык координатору Джамиль Бигио менен сүйлөшүү жүргүздү. Аталган институттан билдиришкендей, жолугушууга АКШнын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Лиз Зентос жана USAIDдин Кыргызстандагы директору Кайя Адамс катышты.

Сүйлөшүүдө Жамиля Жаманбаев балдардын жыныстык кол тийбестигине карата укуктарын коргоо боюнча өз ара аракеттенүүнүн, эрте никеге туруудан коргоо механизмдерин күчтөндүрүүнүн маанилүү экенине токтолду.

"Эрте никелешүүнүн курмандыктары болгон аялдарга колдоо көрсөтүү зарылдыгы курч болуп турат. Анткени алар үй-бүлөлүк зомбулукка кабылышат. Үй-бүлөлүк зомбулук боюнча арыздарды караган учурда эрте никелешүүгө мажбурлаган фактылар ачыкка чыгарын белгилеп кетсем болот. Мисалы, Акыйкатчы институтуна 23 жаштагы үч баланын энеси кайрылган. Ал зомбулукка арызданган. Аны 15 жашында өзүнөн 3 эсе улуу кишиге мажбурлап күйөөгө беришкени белгилүү болду", - дейт акыйкатчы.

Жамиля Жаманбаева мындай үрөй учурган фактылар аз эмес деп белгиледи. Учурда эрте никеге турууга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуунун зарылдыгы бар экенин айтты.

Тараптар адам укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыздаш үчүн КРнын Акыйкатчысынын мандатын күчтөндүрүүнүн маанилүү экенин талкуулашты.

Джамиль Бигио КРнын Акыйкатчысынын Кыргызстандын жарандарынын эркиндиктери менен укуктарын коргоого багытталган күч-аракетин колдоорун баса белгиледи.

"Биз Кыргызстандын өкмөтү, тиешелүү ыйгарым укуктуу органдары менен мындан ары кызматташууга жана гендердик теңчилик, социалдык инклюзия боюнча зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө даярбыз. Ошондой эле акыйкатчынын жарандык коом менен бийликтин ортосундагы көпүрө болгон аракетин колдоого алабыз", - деп айтты Бигио.

Сүйлөшүүдө тараптар гендердик теңчилик, социалдык интеграция жана адам укуктары боюнча баардык артыкчылыктуу маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишити.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: EAST NEWS.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15537