Евразия өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 120 тез жардам унаасын сатып алууга грант бөлөт
RU

Евразия өнүктүрүү фонду Кыргызстанга 120 тез жардам унаасын сатып алууга грант бөлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Евразия жана өнүктүрүү фонду Кыргызстанга тез жардам унааларын сатып алууга кайтарымсыз жардам бөлөт. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев 15-февралда Россияга болгон иш сапарыны алкагында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Андрей Широков менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстанда саламаттыкты сактоо тутумун өнүктүрүү боюнча жаңы долбоорду талкуулашты, анда жаңы тез жардам унааларын сатып алуу каралган.

Жолугушууда тараптар 120 тез жардам унаасын сатып алууга 3 млн доллар өлчөмүндө грант бөлүү боюнча макулдашууга жетишти.

Министр Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондуна Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, мындан аркы өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15557