Бишкекте салынып жаткан үйдөн жумушчу кулап каза болду. Бул боюнча кылмыш иши козголду
RU

Бишкекте салынып жаткан үйдөн жумушчу кулап каза болду. Бул боюнча кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция салынып жаткан үйдүн лифтинин шахтасына кулап кеткен жаран боюнча "Коопсуздук эрежелерин бузуу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул жөнүндө Kaktus.media редакциясына Биринчи май районунун ИИБсинин басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 5-майда Киев менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан үйдүн лифтинин шахтасына жумушчу кулап түшкөн. Эркек киши ооруканага жетпей каза болгон.

ИИБ берген маалыматка ылайык, 5-майда, болжол менен 11:50 нөөмөт бөлүмүнө салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн киши кулап түштү, деген телефон чалуу болгон.

Көп кабаттуу үйдүн бешиничи кабатынан 2001-жылы туулган С.Р. аттуу жаран кулап түшкөнү аныкталган. Анын жыгылуусунун себептери белгисиз. Окуя болгон жерге тез жардам келген, бирок алар жабыркаган жаранды ооруканага алып барып жетишишкен эмес.

Бул факт КЖБРге "Коопуздук эрежелерин бузуу" беренсенин негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1555