"Борбордук көчөлөр эле тазаланат". Калаа жашоочулары кар тазаланбай жатканына нааразы
RU

"Борбордук көчөлөр эле тазаланат". Калаа жашоочулары кар тазаланбай жатканына нааразы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акыркы аптада Бишкекте эки жолу кар жаады. Кышкы кар шаардык кызматтар үчүн күтүүсүз болду окшойт. Көптөгөн көчөлөр муз болуп, жөө жүргүнчүлөрдүн каалаган чекитке жетүүсүнө кыйынчылыктар жаралды. Шаардык кызматтар борбор калаанын негизги көчөлөрүн гана тазалап, калганын көзөмөлдөбөй жатканын шаардыктар белгилешүүдө.

Буга байланыштуу Kaktus.kg сайтынын редакциясы Бишкектин айрым көчөлөрүн кыдырып, шаардыктардын пикирин билип көрүүнү чечти.

20-февраль күнү эртең менен жолдордогу карлар тазаланган эмес. Тротуарлар да. Түшкө жакын муз эрип, ылайга аралаша баштады. Анын кесепетинен шаардын жолдорунда тайгак пайда болгон. Чыңгыз Айтматов жана Чүй проспектисинде мындай көрүнүш жок. Бирок бул эки негизги көчөнү кошпогондо, кардын көбү тазалана элек. Маселен, Ахунбаев көчөсү абдан чоң көчө. Бул жерде да көп унаалар жүрөт. Сүрөт 20-февралда саат 11:30да тартылган.

Медеров жана Скрябин көчөлөрү - жолдордун көрүнүшүнөн коммуналдык унаалар бул тараптан айланып өткөнүн көрүүгө болот.

Бул боюнча жарандардын ойлорун да угуп көрдүк. Алар коммуналдык кызматтар башкы чон жолдор гана тазаланып, башка жолдор ошол бойдон калып, унаа айдоочулары үчүн гана эмес, жөө жүргүнчүлөргө да кыйынчылык жаралып жатканын айтышты.

"Жаман. Эч нерсе себилген эмес. Жолдор тайгалак. Албетте, кулап калгыбыз келбейт. Бир жерибизди сындырып, травмпункттарда отургубуз келбейт. Көчө тазалагычтар жакшы иштешет. А бирок "Тазалык" жолду жаман тазалап жатат", - дешет алар.

Быйылкы жылы кар анчейин жаабаганына карабай, шаардын борборундагы "золотой квадратта" да карлар тазаланган эмес.

Борбор калаа тургундары көчө тазалоочулардын айлыгы аз, ошол себептен "Тазалык" ишканасында иштегендер аз жана алар көчөнү убагында тазалоого үлгүрбөй жатат деп эсептешет.

Мэриянын маалыматы

Бул арада мэрия калаадагы жолдорду кардан, муздан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканын айтат.

"Бүгүнкү күндө линияга 43 даана атайын унаа тартылган. Анын 25и "МАЗ" үлгүсүндөгү кар тазалоочу техника болсо, эки алдыңкы жүктөгүч бирдиги, сегиз күрөк щеткасы менен "Белорус" трактору жана 4 "УКМ 500" деп аталган универсал коммуналдык унаа жана жаңы 2 даана кар тазалоочу техника менен "Бишкек жашыл чалба" муниципалдык ишканасынын эки унаасы жолдорду тазалап жатат. Ошондой эле жолдорду тазалоого ишканадан кошумча кызматкерлер да тартылган", - деп айтылат мэриянын маалымат кызматынын маалыматында.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15578