"Күйөөмдү коркутайын дегем". Тик Токто кызын өлтүрөм деп коркуткан келин кармалды
RU

"Күйөөмдү коркутайын дегем". Тик Токто кызын өлтүрөм деп коркуткан келин кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тик Ток социалдык тармагында кичинекей кызга сыра ичирип, аны өлтүрөм деп коркутуп, акча талап кылган аялдын видеосу тараган. Интернет колдонуучулар наристе коркунучта экенин, тез арада келинди таап, чара көрүү керек деп коңгуроо кагышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы Kaktus.kg сайтына келиндин табылганын маалымдады.

"Кызын өлтүрөм деп коркуткан келин Сүлүктү шаарынын 1995-жылы туулган тургуну Ж.Г. экени такталды. Ал Ош шаарындагы тааныштарынын үйүнө 17-февралда барган. Тик Токто түз эфирге чыгып, жасаган жоругун "хайп кармоо жана күйөөмдү коркутуу үчүн жасагам" деп түшүндүргөн. Ал милиция органдары мынчалык тез реакция жасап, кармалып каларын күтпөгөндүгүн билдирип, элден кечирим сурады", - дешти милициядан.

Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмү кармалган келиндин аракетине юридикалык баа берүү үчүн тергөө кызматына өткөрүп берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15580