Улуттук госпиталда кош бойлуу медайымга кол салуу болду
RU

Улуттук госпиталда кош бойлуу медайымга кол салуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук госпиталда бейтаптын тууганы травматология бөлүмүндөгү медайымга кол көтөрдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 19-февралда болгон. Анда медайым өз милдетин аткарып жатканда бейтаптын жакыны кызматкерге физикалык жана эмоционалдык зыян келтирген.

"Жабыркаган кызматкер кош бойлуулуктун үчүнчү айында. Кол салуудан кийин боюнан түшүп калуу коркунучу менен шаардык гинекологиялык ооруканага жаткырылды. Абалы туруктуу", - дешти мекемеден.

Окуяга байланыштуу жерине укук коргоо кызматкерлери чакырылган. Улуттук госпиталдын жетекчилиги да медициналык кызматкерди коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Профсоюз комитетинин жетекчисине кайрылуу жолдоду.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов медицина кызматкерлерине карата мындай зордук-зомбулукка жол берилбестигин жана баалуулуктарга, принциптерге туура келбей турганын баса белгилейт.

"Биздин кызматкерлер бейтаптарыбыздын ден соолугуна жан үрөп кам көрүп келишет жана аларга карата ар кандай зомбулук аракеттерине жол берилбейт. Биз кызматкерлерибиздин коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу боюнча чараларды көрөбүз. Ошол эле учурда бардык бейтаптарды жана алардын жакындарын сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү үчүн колдон келген аракетин жасап жаткан биздин кызматкерлерге сый-урмат жана түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз", - деди башкы дарыгер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15582