Лебединовкадан ала качып кетишти деген кыз өзү жигити менен кетип калганын билдирди. Видео
RU

Лебединовкадан ала качып кетишти деген кыз өзү жигити менен кетип калганын билдирди. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лебединовкадагы "Шекер" дүкөнүнүн жанынан ала качып кетишти деген кыз өз ыктыяры менен жигитинин унаасына отуруп кеткен. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына баланын туугандары билдиришти.

Алардын айтымында, кыз-жигит көптөн бери сүйлөшүп жүрүшөт. Бирок кыздын ата-энеси алардын баш кошуусуна каршы.

Эске салсак, 6-май күнү болжол менен саат 02:00до Аламүдүн районунун ОИИБсине 2001-жылы туулган К.Ф арызы менен кайрылып, анын эжесин Лебединовка дүкөнүнүн жанынан ала качып кеткендерге карата чара көрүүнү суранган. "Белгисиз адамдар эжем К.И.ни "Тайота Эстима" унаасына салып кетишти. Учурда кайсы жакта экени белгисиз", - деп арыз берүүчү билдирген.

Жигити менен качкан кыз, алты саны аман экенин далилдөө максатында ата-энесине видеокайрылуу жаздырган.

Видеодо кыз жигитин сүйөөрүн жана бул тууралуу апасына айтканын билдирет.

Баланын туугандары кыздын ата-энеси каршы экенин билишет, ошого карабастан кызды кабыл алып, алардын баш кошуусуна каршы эмес экенин айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1559