Кыздарды чет өлкөгө сойкулук кылууга жөнөтүп турган деген шек менен 3 адам кармалды
RU

Кыздарды чет өлкөгө сойкулук кылууга жөнөтүп турган деген шек менен 3 адам кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кыздарды чет мамлекеттин аймагына интимдик кызмат көрсөтүү үчүн жөнөтүп жүргөн адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

Башкармалыкка 28-январда чет мамлекеттин жараны жана ал менен жакын мамиледе турган Кыргыз Республикасынын жараны алдын ала түзүлгөн бүтүм боюнча кыздарды чет өлкөгө жөнөтүп жатканы боюнча маалымат түшкөн. Алар кыздарды жеңил акча табасың деп сойкулук менен алектенүүгө даярдашкан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (адамдарды соодалоо) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 1975-жылы туулган К.Ф., 1993-жылы туулган Ч.Н. жана чет мамлекеттин 1987-жылы туулган Г.Ж. аттуу жараны кармалган.

Такталгандай, жогорудагы адамдар кыздарды чет мамлекеттин аймагына сойкулук менен алектенүү үчүн жөнөтүүнүн алдында иштин чоо-жайын дайыма так айтышкан эмес. Андан соң жөнөтүлгөн кыздардын ар биринен 3 миң доллар суммасында пайда көрүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15619