"Өлдү деген адам тирүү болуп чыккан". Соттук-медициналык эксперт моргдогу иши тууралуу
RU

"Өлдү деген адам тирүү болуп чыккан". Соттук-медициналык эксперт моргдогу иши тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлүкканадагы кызматкерлер кандай иштейт? Kaktus.kg редакциясы бул ирет соттук-медициналык экспертиза кызматкеринин иши жана андагы кызыктуу окуялар, жумушчулардын түмөн түйшүгү тууралуу баяндайт. Соттук-медициналык экспертиза татаал жана жооптуу иш - адамдын өлүмүнүн себебин аныктоо дал ушул соттук эксперттердин корутундусунан көз каранды. Адам кол салуудан же башка жагдайда өлгөнү тууралуу аныктаманы ушул кесиптин ээлери берет. Кыргызстанда иши көпчүлүккө көрүнбөсө да, маанилүү кесипти аркалаган соттук медициналык эксперт Айбек Ибраимов өлүкканадагы иши тууралуу айтып берди.

Айбек Ибраимов - төрт жылдан бери Бишкек шаардык өлүкканасында соттук медициналык эксперт болуп эмгектенет. Ал бул жерде ординатураны бүткөндөн кийин иштөөнү чечкен.

"Абдан кызыктуу, өзгөчө, ошол эле учурда татаал жана дал ушул факторлор мени кызыктырса керек. Анткени мен жаш кезимден эле детективдик, тергөөчүлүккө кызыгып, медициналык жактан кандайдыр бир компромиссти тапканга аракет кылчумун.

Көп адамдар соттук-медицина эксперттер өлүктөр менен гана алектенет, бизди өлүктөрдү гана кескилейт деп ойлошот. Бирок чындыгында соттук-медициналык практика көрсөткөндөй соттук эксперттер көп учурда тирүү адамдар менен же жабырлануучулар менен иштейт. Башкача айтканда, бул жабырлануучулар, шектүүлөр, соттолгондор жана башкалар. Статистикалык жактан 3-4 эсе өлүктөр менен иштейбиз. Көпчүлүк учурда тирүүлөр менен иш алып барабыз", - деди ал.

"Өлүк жөнүндө көптөгөн уламыштар бар"

Айбек Ибраимов моргго байланыштуу көптөгөн уламыштар бар экенине токтолду. Алардын бири өлүкканада иштегендердин баары ишти баштаарда арак ичет деп ойлошот.

"Адамдардын органдарын да сатабыз деген мифтер көп. Арак ичип гана иштейсиңер деп айтышат. Органдарды такыр эле алып салабыз деп да ойлошот. Анын баары чындыкка дал келбейт.

Башкача айтканда, мындай уламыштар абдан көп. Бирок менимче, бул уламыштар биздин ишибиз тууралуу маалыматтын аздыгынан. Биз дагы укук коргоо органдары менен тандемде иштейбиз. Тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп издейбиз да экспертизанын жыйынтыгы боюнча жыйынтык чыгарып беребиз. Бул корутундулар соттук териштирүүлөрдө далил болуп бере алат", - деп кошумчалады эксперт.

Биздин каарман Бишкекте болгон чуулгандуу окуяларда экспертизалык иштерди жүргүзгөн. Бирок ал тергөөнүн купуялуулугу үчүн аларды ачык айтууга болбойт дейт. Ал бул тармакта адистер эмне үчүн аз экенине токтолду.

"Ар бир эле ата-эне уулу же кызы алты жыл окуп анан өлүкканага барып акча тапканын туура түшүнө бербейт. Айтор, бул жерде ушундай адамдык фактор бар, туугандар эмне дейт, башкалар эмне дейт жана башка ушул сыяктуу. Бирөөнүн баласы өлүкканага иштегени кетти деген. Кыздарга күйөөлөрү тарабынан кандайдыр бир тоскоолдуктар бар десек да болот.

Жумуш да бир жагынан кооптуу, анткени бизде бир катар кесиптик оорулар болот. Анткени сиздин үстөлүңүздө кандай өлүк келгени тууралуу маалымат дайыма боло бербейт. Бул таза сөөк болушу мүмкүн, бирок ошол эле учурда тирүү кезинде кургак учуктун ачык түрү менен ооруган, парентералдык оорулар, гепатит, ВИЧ жана ар кандай оорулар менен жабыркаган өлүк болушу мүмкүн", - деп иши менен бөлүштү адис.

Өлүктөрдүн жанданышы тууралуу

Айбек мырза өзүнүн ишиндеги кызыктуу окуялар менен бөлүштү. Алардын бири өлдү деген адамдын тирүү калганы.

"Батирде жалгыз жашаган карыган абышкага жакындары барган. Ал эс-учу жок ашканада жаткан. Дем албай жатканынан туугандары милицияга телефон чалып, атанын өлүгү табылганын билдиришкен.

Алар үйгө соттук-медициналык эксперттер келгенче күтүп турушкан. Биз келип кадимки өлүк жатканын көрдүк. Денеси катуу, кыймылсыз. Ал эми биз өзүбүзгө ыңгайлуураак текшерүүнү камсыздай баштаганда, үстөлдү жылдырып, сыналгы өчүп калганда, кандайдыр бир ритмикалык үндү байкай баштадык. Жыйынтыгында бул чоң ата инсультка кабылганы белгилүү болду. Анын денеси спазмга кирип, жыгылып, ошого жараша бир нече убакытка эсин жоготкон. Ошентип ага биринчи жардам көрсөтүп, "Тез жардам" чакырып, туугандарына анын тирүү экенин айттык", - дейт адис.

"Батирдин ижарасын төлөбөш үчүн анын ээсин терезеден ыргытып жиберген"

Каармандын тажрыйбасында соттук-медициналык кызматкерлердин тыянагынын жыйынтыгы менен соттук териштирүүлөрдүн багыты өзгөрүп, көптөгөн кылмышкерлер кармалганын кошумчалады.

"Бишкектин көп кабаттуу батирлеринен кыз терезеден кулап, каза болду деген маалымат келди. Биз милиция кызматкерлери менен жерине бардык. Батир, терезенин көлөмү баары текшерилди. Кандын тамчыларына, кандын изине караганда, кыз өзү секирип кете албайт болчу деген бүтүмгө келдик. Буга кимдир бирөө жардам бергени анык болду. Ошондон кийин биз тергөөчүлөргө шектенүүбүздү айтып, 40 мүнөттүн ичинде шектүүнү милиция кызматкерлери табышты.

Көрсө, ал кыз бул батирдин ээси экен. Ал ижара акысын алганы келгенде батирдин жашоочусу акча бербей, кандайдыр бир чыр-чатактар болгон окшойт. Кийин батирде жашаган бала батир ээсин башка чапканын, анан ур-токмокко алганын, сабаганын, аягында терезеден ыргытып, терезеден секирип кеткендей кылып койгону аныкталды. Биздин практикада 5-10 мүнөттүн ичинде иш толугу менен өзгөрүп кеткен учурлар абдан көп", - деди ал.

Өлүктөн жуктурган коронавирус

Каарман коронавирус учурунда көптөгөн морг кызматкерлери илдеттин айынан каза болуп, өлүкканага жеткирилген сөөктөрдөн оору жуктургандар болгонун айтты. Ал учурда кызматкерлер жетишпей, ооруп жатса да иштешкен. Кандай окуя, кандай өлүктөрдүн сөөгү келбесин алар жүрөккө жакын албаганга аракет кылышат. Ошол себептен "кырс болобуз го" дейт адис.

Ошондуктан адамдын сөөгү - биздин иш объектибиз. Негизи өлгөн адамдан эмес тирүүдөн коркуш керек. Өлгөн адам сага эч нерсе кылбайт. Бул иште жүрүп менде жашоонун өзүнө, өлүмгө, жалпы эле адамдарга болгон көз карашым өзгөрдү.

Ар бир адам өлүмдөн кача албайт. Бир гана суроо - өлүм качан келет. Башкача айтканда, биздин практикада өлүм төрөлгөндөн кийинки биринчи күнү да болушу мүмкүн. Жаш жигиттердин, спортчулардын залда каза болгонун көрдүк. Бул иште биз жашоону чындап баалай баштадык. Анткени эртең эмне болорун билбейбиз.

Өлүм коркунучу ар бир психикалык жана физиологиялык жактан дени сак адамга мүнөздүү болсо керек. Өлүм коркунучун жоготкон адам - адам эмес менин оюмча. Так ушул өлүмдөн коркуу - мага эмнегедир жашоого түрткөндөй сезилет. Албетте, бардык адамдар сыяктуу мен да корком. Бирок бул жумуш өлүмдү тушүнүп кабылдоону үйрөттү десем болот", - деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15623