Караколдо окуучуну унаага салып кайра түртүп салгандар аныкталды. Окуянын чоо-жайы
RU

Караколдо окуучуну унаага салып кайра түртүп салгандар аныкталды. Окуянын чоо-жайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга мектептен чыккан балдардын бирин унаага салып кетүүгө аракет кылган учурдун видеосу тарады. Андагы маалыматта окуя Каракол шаарындагы Туманов менен Корольков көчөлөрүнүн кесилишинде орун алганы айтылат.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан видео боюнча териштирүү жүрүп жатканын Kaktus.kg сайтына билдиришти.

Бул факты боюнча Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө эч ким арыз же билдирүү менен кайрылган эмес. Бирок окуя каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Анын жүрүшүндө шаардык милиция кызматкерлери унааны жана анын ичиндеги жарандарды аныкташты. Алар Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясынын 10-классынын окуучулары, 16 жаштагы К.У., Э.Н., Ж.Б. жана А.И. экени белгилүү болду. Өспүрүмдөр унаага салууга аракет кылган бала Каракол шаарындагы №2 орто мектептин 3-классынын окуучусу. Балдар мыйзамдуу өкүлдөрү менен бирге тергөө кызматына жеткирилген.

Жогорку класстын окуучулары 27-февралда балдардын биринин атасына таандык Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа менен шаарды айланып жүрүшкөн. Унааны башкарып бара жаткан Ж.Б. жол жээгинде ойноп жаткан балдарды көрүп, алардын жанына токтогон. Өспүрүмдөр тамаша иретинде ойноп жаткан балдардын бирин жол жээгинде ойнобоо максатында унаага салууга аракет кылгандарын түшүндүршкөн.

Учурда бардык жагдайларды толук кандуу аныктоо үчүн териштирүү иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15637