Лейлектеги гимназиянын директору китептерди өрттөп салышат деп эки күн мектепти кайтарган
RU

Лейлектеги гимназиянын директору китептерди өрттөп салышат деп эки күн мектепти кайтарган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусундагы Лейлек районунун 3 гимназиясынын директору Гапыр Мадаминов эч кимдин сөзүнө көнбөй, мектептен чыкпай коюптур. Бул тууралуу өзүнүн Instagram-аккаунтуна колдонуучу Алишер Турдалиев жазды.

"30-апрелде, 4:49 саат чамасында, Мадаминова Гулсара эжебизге агайыбыз жөнүндө сурап жазгам. Жүрөккө түнөк бербеген маселелердин бири, билим уябыз болгон №3 гимназиябыздын директору, педагог-новатор агайыбыз Гапыр Мадаминов. Биздин инилерибиз жана айылдаштарыбыз аркылуу "сиз келечек үчүн керексиз, сизди чыгарып кетели айылдан", - деген кайрылуубузга , "мен гимназияны таштап кетпейм, китептерди өрттөп, гимназияны талкалап салышат", - деп эки күн мектепти кайтарыптыр", - деп Турдалиев жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1564