"Кыз ала качуу эч кандай салт эмес". Акылбек Жапаров үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу үн катты
RU

"Кыз ала качуу эч кандай салт эмес". Акылбек Жапаров үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

8-март Аялдардын эл аралык күнүнүн алдында Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун күчөшүнө байланыштуу суроолорго жооп берип, үй-бүлөлүк баалуулуктар боюнча коллегияда сүйлөгөн сөзүн түшүндүрдү.

- Акылбек Үсөнбекович, биздин маегибиз 8-март Аялдардын эл аралык күнүн утурлай өтүп жатат, ошондуктан өлкөбүздөгү аялдардын ролу жана орду тууралуу сөз кылсак дейбиз.

- Сөз баштаардан мурда, мындай жакшы мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бардык асылзат айымдарды келе жаткан Жаз майрамы менен куттуктайм. Бардык аруузат жандарга бекем ден соолук, биринин артынан бири кубалашып келген ийгилик, бакубатчылык жана бактылуулукту каалайм. Бул төрт сөз – адамдын адам болуп турушунда эмнеге умтуларын билдирген сөздөр эмеспи. Мен алардын кабыл болушун каалайм.

- Кыргызстанда аялдардын ролу жана орду кандай?

- Кыскараак айтсам, биздин өлкөдө аялдын ролу жана орду көп кырдуу жана анын орду толгус. Аларсыз сөздүн түз жана каймана маанисинде да бул жарыкчылыкта адам баласына жашоо жок, өмүр булагы – аял.

- Ошентсе да, бул "көп кырдуу жана орду толгус" аялзаты көп учурда зордук-зомбулукка кабылып, кээде бүт өлкөнү түрө көтөрүп жаткан окуяларды – жок дей албайсыз го дейм. Аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу үчүн мамлекет кандай чараларды көрүп жатат?

- Биз бул көрүнүштү минималдаштыруу үчүн жан үрөп иштеп жатабыз. Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам кабыл алынган, укук коргоо органдары аны кантип аткаруу керектигин аздап болсо да, үйрөнүп жатышат. Азыр коргоо ордерлер практикасы бар.

Үй-бүлөдөгү зомбулук чоң көйгөй. Аны жок кылуу же жок дегенде минималдаштыруу үчүн мамлекеттин, жарандардын, жамааттардын жана бардык диний конфессиялардын күч-аракеттерин бириктирүү зарыл. Менимче, аны биротоло чечүүнү көздөгөн башкы жол – бул билим берүү жана жогорку социалдык жоопкерчилик, баарыдан мурда ар бир индивиддин жана жергиликтүү коомчулуктун деңгээлиндеги орток жоопкерчилик. Адам жанында болуп жаткан мындай көрүнүштөргө кайдыгар болбоого тийиш. Көчөдө да, айылда да мындайга жол бербөөгө дилгир болушубуз керек. Бул жергиликтүү бийлик органдары үчүн тынымсыз эмгек, жергиликтүү жамааттардын башчыларынын жана участкалык милициялардын өздөрүнө тийиштүү болгон чөлкөмдү ичинен терең билген жоопкерчилиги. "Менин үйүм – менин чебим" принциби абьюзерлерге эч качан жайылтылбашы керек. Социалдык камкордук органдары эмгек мигранттарынын балдары тарбияланып жаткан үй-бүлөлөрдү өзгөчө көзөмөлгө алып турууга милдеттүү. Үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндөрдүн укуктук жоопкерчилигин эки эсе күчөтүү зарыл.

- Жакында Маданият министрлигинин коллегиясында сүйлөгөн сөзүңүздү көпчүлүк жарандардын жеке турмушуна кийлигишүү катары баалашты

- Эл аралык келишимдерге жана Конституцияга ылайык үй-бүлө мамлекеттин коргоо объектиси болуп саналат. Ошо сындап жаткандардын эсине сала кетейин: Кыргызстан экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө Эл аралык пакттын катышуучусу болуп саналат, анда 10-беренеде үй-бүлөнү коргоо өзүнчө берене менен каралган.

- Акылбек Үсөнбекович, башка жактан сурабай эле никеге турууга болот деген жаштар бар. Мындай жоруктардын аягы кайгылуу болуп бүткөнү эсибизде

- Мамлекеттин негизги милдеттенмелеринин бири – никеге ыктыярдуу кепилдик берүү. Тилекке каршы, Кыргызстан кыздарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качуу деген маскаралык практикасы менен дүйнөгө таанымал болуп калды. Муну кээ бирөөлөр каада-салт, ала качса эмне экен дей беришет. Мен айтар элем, бул эч кандай салт эмес. Тарыхта кыргыздар дайыма жаштардын макулдугу менен гана үйлөндүрүшкөн. Кыргыз Республикасы бул жосунсуз жорукту жоюу үчүн чечкиндүү кадамдарды жасап жатат. Кылмыш-жаза кодексинде тиешелүү беренелер киргизилген, түшүндүрүү иштери да жакшы жүрдү, азыр кыз ала качуу учурлары олуттуу азайды.

- Үйдө ким кандай кийиниши керектигин жөнгө салуу Өкмөттүн ыйгарым укугундабы?

- Бул жерде сөз кийим жөнүндө эмес, үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосундагы мамилелердин этикасы экенин түшүнүү керек. Бул өз ара бирин-бири урматтап-сыйлоо, айбыгуу, тартынуу, ыйбаа кылуу ж.б. Ата-бабалардын көптөгөн салттары заманбап үй-бүлөнүн баалуулуктарына эч кандай карама-каршы келбейт. Мисалы, кыздарына, энелерине, аксакалдарына өзгөчө сый мамиле кылуу дегендин эмнеси жаман?!

Бул жерде биздин жарандардын бардык муундарын тарыхтан оң мисалдарды жана психологиялык, жүрүм-турумдук жана коомдук илимдердин акыркы жетишкендиктерин колдонуп, адамдар ортосундагы мамилелерди кантип курууга болорун үйрөтүү абдан маанилүү болуп турат. Ч.Айтматов бизди "күн сайын адам болууга" тарбиялап жатат го.

Албетте, мында билим берүүнүн роль чоң. Азыр дүйнө жүзү боюнча эмоционалдык интеллект биринчи орунга чыкты, башкача айтканда, өзүн жана башкаларды урматтоо, эмоцияларды башкара билүү. Бул нерсе заманбап билим берүүнүн бир багыты болушу керек, бул эң маанилүү компетенттүүлүк.

Жалпы билим берүүнүн дагы бир бөлөк сектору – бул маданият. Кыргыз киносу, театры, эстрадасы коомду агартууда, үй-бүлөдө тынчтыкты курууда күчтүү курал боло алат. Анткени үй-бүлө – бул коомдун уюткусу.

- Акылбек Үсөнбекович, сиз мониторинг жүргүзүү жана маалыматка чек коюу тапшырмасын бердиңиз

- Цензура үчүн маалыматты мониторинг кылуу техникалык жактан дегеле мүмкүн эмес. Бирок эң кеңири таралган көйгөйлөрдү жана муктаждыктарды аныктоо үчүн маалыматтарга мониторинг жүргүзүүгө болот. Анткени маданият ишмерлеринин колунда агартуу аркылуу өз ара түшүнүшүүнү жана тынчтыкты сактоо үчүн күчтүү жана таасирдүү куралдар бар.

- Азыркы кыргыз коомунда аялзатынын ролу кандай деп ойлойсуз?

- Бул ролду ашыкча баалоо кыйын. Кыргыз аялдары жарандык коомдун жана мамлекеттин түптөлүшүнө, өнүгүшүнө чечкиндүү салым кошуп келген жана азыр да кошууда. Бул майрам алдындагы жасалма сөздөр эмес, бул – иштин ар кандай чөйрөсүндөгү фактылар. Биздин аялдар өжөр жана билимдүү. Өлкөнүн чегинен тышкаркы жактарда бай жана атаандаштыкка жөндөмдүү экендигин далилдегендер кыздарыбыз бар. Волонтер болуп өлкө үчүн иштерди жасап жүргөн мындай көп аялдарды билем.

- Мамлекет аялдардын жашоосун жана тиричилигин жеңилдетүү үчүн эмне кылып жатат?

Аялдар жумушта да, үйдө да эч качан бош эмес экенин баарыбыз билебиз. Ошондуктан өкмөт мектепке чейинки курактагы балдарга кам көрүүнү алар менен бөлүшүүгө ниеттенүүдө. Мамлекеттик акселератордун биринчи артыкчылыгы катары мектепке чейинки билим берүү кызматтарын өнүктүрүү багытын тандалып алганыбыз кокусунан эмес. Менчиктин бардык түрүндөгү бала бакчаларды өнүктүрүү менен биз жаш келин-кыздарга жумушка орношууга жана экономикалык жактан коопсуздукка ээ болууга мүмкүнчүлүк берип жатабыз.

- Акылбек Үсөнбекович, күйөөлөрү иш издеп талаада, өздөрү жалгыз үйдө калган аялдар, атасы тирүү болсо да жетимге таяр балдар – бул улуттук көйгөйдү чечүү үчүн өкмөт эмне кылып жатат?

- Бул биздин ичтеги дартыбыз. Бул дартты биз өлкөбүз экономикалык жактан өнүккөндө гана айыктыра алабыз. Жакында АКШнын Эл аралык республикалык институту коомдук пикирди көз карандысыз сурамжылоонун кезектеги жыйынтыктарын жарыялады. Анын жыйынтыктары калктын президенттин курсуна болгон ишеними жана колдоосу жогорулагандыгын, үй-бүлөлөрдүн экономикалык абалынын жакшыргандыгын, мамлекеттик органдардагы коррупциянын деңгээлинин кыйла кыскаргандыгын көрсөттү.

Мындай жол жана темп менен кетсек, анда биз экономикалык абалды бир топ жакшыртып, тышкы жана ички миграцияны азайта алабыз. Албетте, бул көрүнүштөр коомубуздун башына түшкөн зор сыноолор болуп жатат. Мындай сыноолорду биз эле эмес, бүт дүйнө башынан өткөрүп жатат. Биз мындай өзгөрмөлүү дүйнөдө үй-бүлөлүк байланыштарды сактоо жолдорун издешибиз керек.

- Кыз балдарыбызга, айымдарыбызга кандай кеңеш берет элеңиз?

- Окуу, окуу жана окуу. Бул турмушта баарына үйрөнгүлө дээр элем. Рахаттын жана бакыттын өзөгү – бул билим, билим алуу жана сүйгөн кесип. Өлкөдө бардык аялдар бактылуу болсо дейбиз. Кантсе да билимдүү аял – бул акыл-эстүү, адеп-тарбиялуу балдар, ал эми балдар – элдин келечеги.

- Биздин суроолорго жооп бергениңиз үчүн терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.

- Сиздин да ачык суроолоруңузга рахмат. Дагы бир жолу Кыргызстандын энелерин, аялдарын, кыздарын жаз майрамы менен куттуктап, аларга тынчтык, бакубатчылык жана бакыт-таалай каалайм.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15671