Кар менен бирге жолдор ээрип жатат. Бишкектеги жолдор качан оңдолот? Видео
RU

Кар менен бирге жолдор ээрип жатат. Бишкектеги жолдор качан оңдолот? Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин айдоочулары жолдордогу чуңкурларга (жыртык-тешиктерге) нааразы. Социалдык тармактарда кар менен кошо асфальт эрип кетти деген ачуу тамашалар айтылууда. Бирок, өкмөт, мамлекеттин башкы адамдары өтчү жолдордо андай эмес. Kaktus сайтынын редакциясы асфальттагы жыртык-тешиктердин көлөмүн өлчөп, жолдордогу абал эмне үчүн башкача экенин аныктоону чечти.

Мэрия эмне дейт?

Борбор калаанын мэриясы жолдордогу чуңкурлардын пайда болушу табигый процесс, ал аба ырайынын өзгөрүшүнө жана жол кыймылынын интенсивдүүлүгүнө байланыштуу экенин билдирди.

"Айрыкча эксплуатациялоо мөөнөтү узак болгон жолдордо чуңкурлар пайда болууда. Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүн көзөмөлдөп, көйгөйлүү аймактарда убактылуу оңдоо иштерин жүргүзүүдө", - деди мэрия.

"Бишкекасфальтсервис" эмне дейт?

Муниципалдык ишкананын жетекчиси Эмил Жамалов Kaktus.media сайтына өкмөттүк жолдор салыштырмалуу жакында эле оңдолгондугун түшүндүрдү. Ошондуктан алар бүтүн, жыртык-тешиктер ал жерде жок.

"Өкмөттүк жол 2018-жылы капиталдык оңдоодон өткөн. Ал эми башка жолдор 2001-2005-жылдары жасалган. Алар нормативдик мөөнөтүнөн бир нече эсе ашып кеткендиктен, быйыл жолдордун эскилиги жеткен. Жолдорду капиталдык оңдоп-түзөөгө качан каражат бөлүнөт, белгисиз. Ахунбаев, Жибек Жолу, Лев Толстой сыяктуу негизги көчөлөрдө жолдор үч эсе эскирди", - деди Жамалов.

Айдоочулар эмне дешет?

Какtus.media сайтына бишкектик айдоочулар мындай жолдордон улам унаалар бузулуп, аларды үзгүлтүксүз оңдоп турууга туура келип жатканын, бул карапайым бишкектиктерге чыгым алып келерин айтышты.

"Жолдордо жүрүүгө мүмкүн эмес. Мен буга чейин унаа оңдоого акча короттум, жалпысынан 15 миң сом", - деп нааразы болду айдоочулардын бири.

Дагы бир айдоочу жолдордун эскилиги жетип, көп жерлер капиталдык оңдоого муктаж экенин айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15684