Аялдар суткасына 4-5 саат убактысын үй жумушуна коротот. Өлкөдөгү айымдар тууралуу сандар
RU

Аялдар суткасына 4-5 саат убактысын үй жумушуна коротот. Өлкөдөгү айымдар тууралуу сандар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 8-март Аялдардын эл аралык күнүнө карата Улуттук статистика комитети өлкөдөгү аялдар тууралуу кызыктуу фактылар жана сандар менен бөлүштү.

2024-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7,2 миллион адамды түзөт. Анын 50 пайыздан ашыгы аялдар.

  • Аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш) эркектерге караганда бир аз жогору (27 жаш).
  • Ошону менен бирге аялдар эркектерге караганда узак жашашат. Аялдардын жашоо узактыгы 2022-жылы 76 жашты, ал эми эркектерде 68 жашты түзгөн.
  • Эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,6 эсеге жогору.

Никеге туруусу

  • Аялдар 20-29 жашында үй-бүлө курууга басым жасашат.
  • Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жашта, ар бир төртүнчү аял 17-19 жашта жана ар бир алтынчы аял 25-29 жашта болгон.
  • Оорточо статистика боюнча, аял биринчи баласын 23-24 жаш курагында төрөйт жана жашоосунда үч балалуу болушат.

Эмгек акысы

  • Кыргызстанда аялдар эркектерге салыштырмалуу айлык акыны орточо 27%га аз алат.
  • 2023-жылы орточо айлык 379 долларды түзгөн.
  • Аялдар көбүнчө билим берүү, саламаттык сактоо, мейманкана жана ресторан тармагында, ошондой эле соода жаатында эмгектенет.

Үй иштерине короткон убактысы

  • Аялдар үй жумуштарына өз убактысынын 18 пайыздан ашыгын сарптап, күн сайын суткасына орточо эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлүшөт.
  • Тагыраагы, айылдарла аялдар орточо эсеп менен жуманын бир күнүндө 5 саат 25 мүнөт, ал эми шаарларда - 4 саат үй тиричилиги менен алектенишет.
  • Эркектер үй жумуштарына суткасына 4 пайызга жакын убакытты коротот.
  • Натыйжада, аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына дээрлик 5 эсеге, ал эми балдарды тарбиялоого 2,3 эсеге көп убакыт коротушат.
  • Аялдардын эс алуусунун активдүү түрү (спорт, сейилдөө) жумасына 1 саат 24 мүнөттү түзөт.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15695