"Анын тагдырын мен чечпейм". Садыр Жапаров Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берди
RU

"Анын тагдырын мен чечпейм". Садыр Жапаров Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган саясатчы Азимбек Бекназаров президентке кайрылуу жасаган. Анда Рамазан айында кечиришип, камакта жаткандарды чыгаруу ою айтылган. Садыр Жапаров Бекназаровдун кайрылуусу менен таанышканын "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.

"Кечиришели, ит-жыгылыш бололу деген кайрылууларын мен да окудум. Бирок анын тагдырын мен чечпейм. Сот менен прокурор чечет. Бекназаровду колунан жетелеп барып түрмөгө мен салган жокмун да. Аңыраңдап-шаңыраңдаган бойдон барып өзү кирип кетти. Өзү эле эмес канчалаган жаштарды кошо сүйрөп кирип кетти. Алардын убалына калды. Келип аткан Кемпир-Абадды кетип жатат деп сакалдуу башы менен жалпы элди адаштырганга аракет кылды", - деген пикирин айтты.

Ошондой эле Кыргызстан Кемпир-Абаддын 50 пайызына ээ болгонун кошумчалап, учурда теңме-тең башкаруу болуп жатканын билдирди.

"Түбөлүк теңме-тең болот. Буга чейин бир чакырым да жакындай алчу эмеспиз. Уңгар-Тоо, Гавасай, айылдардын ичиндеги талаш жерлердин баары биз тарапка өттү. Анан Бекназаровко дагы эмне керек? Жөн гана өзүнүн арам оюн, жеке кызыкчылыгын ишке ашырайын деген ыплас максатын төбөдө Кудай деле көрүп турат да. "Илгерки заманың өткөн, бас, сенин ордуң түрмөдө" деп алып барып киргизип койду го деп ойлойм. Болбосо биз чечкен чек ара маселеси боюнча бизге медаль берсе жарашат эле. Тарых өзү баа берет бул маселеге", - дейт өлкө башчы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15723