"Кыргыз тили мага эле эмес, сага да керек". Дуңгандарды кыргызча сүйлөткөн физик Анвар
RU

"Кыргыз тили мага эле эмес, сага да керек". Дуңгандарды кыргызча сүйлөткөн физик Анвар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анвар Яхизов 30 жашта. Кантта турат, институтта чет элдик студенттерге физикадан сабак берет. Өзү тилчи болбосо да, өз өлкөсүнө, тилине болгон сүйүү туулуп-өскөн Милянфан айылында кыргыз тил курстарын ачууга түрткү болгон.

"Мен өзүмдүн өлкөмдүн патриотумун. Ошондуктан, балдар да ошондой болсо деп каалайм. Биз дуңган эл Кыргызстанда жашайбыз, ошондуктан, ар бир жаран тил үйрөнүш керек деп ойлойм. Ошол себептен улам кыргыз тили курсун ачуу идеясы пайда болду", - дейт Анвар, эмне үчүн жаштарга кыргыз тилин үйрөткүсү келгенин айтып берип жатып.

Кыргыз тил курсун ачуу идеясы келгенден кийин, ал аны дароо ишке ашыра баштайт. WhatsApp жана TikTok платформалына сабак өтүп жаткан видеолорун киргизет. Ошондон кийин тил үйрөнгүсү келген окуучулардын саны байкаларлык көбөйөт. Күн алыс ата-энелер чалып, балдарын курска кантип каттаса болорун сурашат.

"Мен дуңган болсом да "биз кыргыздар" деп сүйлөйм. Мен жарымым дуңган, жарымым кыргыз. Ошондуктан, мен элди бөлбөйм: сен кыргызсың, сен дуңгансың. Дуңган тили сабак бергенге жардам берет. Балдар менен оручса, дуңганча сүйлөп, кыргыз тилин түшүндүрөм",-деп белгилейт ал.

Анвар ачкан кыргыз тили курстары балдарды гана эле эмес, чоңдорду да кызыктыра баштайт. Сабактар ​​жумасына үч жолу өтүлөт. Аа-энелер балдары үчүн тил билүү канчалык маанилүү экенин түшүнүп, өздөрү дагы аны өздөштүрүүнү каалап, жазылышат.

"Өзүнчө бир группа бар, ата-энелер группасы. Ата-энелерге сабак берүү жеңилирээк. Алар тил керек экенин жакшы түшүнөт. Ошондуктан курска келишет. Анан ата-энелер аябай аракет кылат. Балдар деле аракет кылат, бирок алар ойношот. Мен аларга "оку, мага керек эмес, сага керек, ата-энең сага мүмкүнчүлүк берип мага жөнөттү" деп айтам. Үй тапшырманы дагы ата-энелер жакшы аткарат."

Анвар окутуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгып, сабактар кызыктуу болушу үчүн, бүт жан дүйнөсүн тил үйрөтүүгө жумшаганга аракет кылып келет.

"Ооба, бизде кыргыз тилин үйрөтүүдө шарттар бар. Бирок, учурда бар болгон программалар өтө оор. Мисалы, менин кызым 1-класста окуйт. Алардын кыргыз тили китебинин программасы оор.1-класстарга жарабайт",-деди ал.

"Көп адамдар "дуңгандардын биздин өлкөдө жашайсыңар, желегиңер жок, жер жок, мамлекет жок" дешет. Жок, бизде бар. Кыргызстан биздин да өлкө. Мен Кыргызстанды сүйөм, сыйлайм. Бул менин да өлкөм,"- деп сөзүн жыйынтыктады мугалим.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15724