Равшан Жээнбековдун Киров суу сактагычынын жээгиндеги жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
RU

Равшан Жээнбековдун Киров суу сактагычынын жээгиндеги жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Равшан Жээнбековдун жер тилкеси мамлекеттин пайдасына кайтарылды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук комитетинен билдиришкендей, Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар "Эдельвейс-Тур" эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды.

Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сомду түзөт.

УКМКдан белгилешкендей, аталган жер тилкеси 2000-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жээнбековдун аффилирленген адамдарына мыйзамсыз берилгени аныкталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15730