Жалал-Абадда кен казган ишканадан 240 миң сомдук буюм уурдалган. Шектүүлөр аныкталды
RU

Жалал-Абадда кен казган ишканадан 240 миң сомдук буюм уурдалган. Шектүүлөр аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ала-Букада кен казган ишканада уурулук фактысы катталып, ишканага 240 миң сом зыян келтирилген. Жалал-Абад ОИИБден кылмыштын бети ачылганын маалымдады.

Ала-Бука РИИБге кен казуучу ишкананын юристи арыз менен кайрылган. Анда 12-мартка караган түнү саат 01:00дөн 02:00гө чейинки убакытта кен казуучу ишкананын кампасынын 6 даана жез зым түрмөгү уурдалганын билдирген.

Билдирүү боюнча 205-берене (Уурдоо) катталып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ала-Бука районунун тургундары 1989-жылы туулган Ч.С., 1995-жылы туулган Ж.К. жана кен казган ишкананы кайтарып күзөттө турган жеке күзөт кызматынын 3 кызматкери 1980-жылы туулган Б.Г., 1985-жылы туулган К.К., 1997-жылы туулган Ж.Б. кармалды. Алардын баш коргоо чарасы 17-мартта Ала-Бука райондук сотунда каралып, бардыгы үй камагына чыгарылды.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жеке күзөт кызматынын кызматкерлери жергиликтүү тургундар менен сүйлөшүп, аларды түнкү убакытта унаага салып посттон алып өтүп, уурулук фактысына көмөктөшкөндүгү аныкталган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15744