ФСБ: Крокус Сити Холлдогу теракттан 40 адам каза болуп, 100дөн ашууну жарадар болду
RU

ФСБ: Крокус Сити Холлдогу теракттан 40 адам каза болуп, 100дөн ашууну жарадар болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алдын ала маалыматтар боюнча, Crocus City Hall концерттик залында болгон теракттын натыйжасында 40 адам каза болуп, 100дөн ашууну жарадар болгонун Россиянын Федералдык кызматынын коомдук маалымат борборуна шилтеме кылып Интерфакс билдирди.

Бөлүм жабыркагандарга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Атайын кызматтар тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Жабырлануучулардын төртөө оор абалда ооруканада жатканын Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев билдирди.

"112" Telegram каналы каза болгон сегиз адамдын, анын ичинде 12 жаштагы бала бар экенин жарыялады. Телеканал теракттын кесепетинен 140ка жакын адам жабыркашы мүмкүн экенин билдирди.

Ал эми "Крокустагы" терактта жабыркагандардын арасында Кыргызстандыктардын бар-жогу 23-мартка карата, саат түнкү 14:30га карата тактала элек. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги "Крокус сити холл" концерттик залындагы теракт боюнча тиешелүү иш жүргүзүп жатканын маалымдады.

"Өрт өчүрүү, адамдарды куткаруу иштери жүрүп жаткандыктан, жабыр тарткандар менен каза болгондордун өздүгүн тактоо иштери жүргүзүлө элек. Ошол эле учурда элчиликтин консулдук бөлүмү бул маселе боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат", - деп маалымдады элчилик.

22-мартта, "Крокус Сити Холлдун" концерттик залында ок атылып, өрт чыкты. Алдын ала маалымат боюнча, кеминде камуфляжчан үч адам ок чыгарган. ФСБ алдын ала маалымат боюнча, 40 адам каза таап, 100дөн ашык адам жабыркаганын билдирген. Ал эми Россиянын ТИМи окуяны теракт деп атап, Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Имаратта өрт күч алгандыктан аны өчүрүүгө тик учактар тартылган. Жабыркагандар ооруканага жеткирилүүдө, алардын төртөө оор абалда экени айтылды.

Бул окуя боюнча президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге көңүл айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15773