"Моралдык басымдан улам кетип калган". Ошто үйүнөн чыгып кеткен келин Бишкектен табылды
RU

"Моралдык басымдан улам кетип калган". Ошто үйүнөн чыгып кеткен келин Бишкектен табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан былтыртан бери изделип жаткан Сахибохон Кочкарова табылып, жакындарына өткөрүлдү. Ал Бишкек шаарында жүргөн дешет Ош ШИИБден.

Ош шаарынын тургуну Сахибохон Кочкарова 2023-жылдын 28-декабрь күнү жаны төрөлгөн баласын тууганынын үйүнө таштап, үйдөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон.

Келинди издөө боюнча Ош ШИИБи тарабынан багыттамалар бардык аймактарга жөнөтүлүп, массалык маалымат каражаттары аркылуу дагы издөө жарыяланган.

Сахибохон Кочкарова өзүнүн издөөдө жүргөндүгүн билгендигин, кайын журтунун моралдык басымына чыдабай үйдөн чыгып кеткендигин, Бишкек шаарында тигүү цехтеринин биринде жашырынып иштеп жүргөндүгүн билдирди.

"Издөөдө жүргөнүмдү билип, цехтин ичинен чыкпай иштеп, анын ичиндеги атайын жатаканада жатып иштеп жүрдүм. Ошол күнү ооз ачарга бирдеме алайын деп сыртка чыкканымда Оштон келген милициялар кармап алышты. Эртеби-кечпи бары бир үй-бүлөмө барууну ойлоп жүргөм", - деген ал.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөн жума ичинде жалпысынан издөөдө жүргөн беш жаран кармалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15785