Ошто 10 жаштагы баланын өлүмүнө бир тууган эжеси шектелүүдө
RU

Ошто 10 жаштагы баланын өлүмүнө бир тууган эжеси шектелүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ошто 17 жаштагы кыз бир тууган инисинин өлүмүнө шектелүүдө. Бул туурасында Ош ОИИБден Kaktus.kg сайтына маалымдашкандай, окуя 25-мартта болгон.

Анда Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Кызыл-Кыштак айыл аймагында И.А. аттуу жаш бала каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Билдирүү каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анда 2014-жылы туулган И.А. аттуу баланы 2006-жылы туулган А.А. аттуу бир тууган эжеси учтуу нерсе менен моюн тарабына сайып алгандыгы маалым болгон.

Топтолгон материалдын негизинде 122-берене (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Кылмышка шектүү катары А.А. кармалып, ага жана окуя болгон жерден далил буюм катары алынган заттарга тийиштүү экспертизалар дайындалган. Шектүүнүн баш коргоо чарасын тандоо сот органы тарабынан аныкталат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: pixabay.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15800