Эсептөө палатасынын инспектору бала бакча, мектеп директорлорунан пара алган деп кармалды
RU

Эсептөө палатасынын инспектору бала бакча, мектеп директорлорунан пара алган деп кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору Бишкек шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын директорлорунан акча талап кылган деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Мамлекеттик органдардагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин жана балдар чыгармачылык борборлорунун жетекчилеринен пара алууга байланыштуу Эсептөө палатасынын ишиндеги туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору М.Ф.К. Октябрь райондук билим берүү башкармалыгын текшерүү учурунда актыда одоно финансылык мыйзам бузууларды көрсөтүү шылтоосу менен, ошондой эле 22 билим берүү мекемесинде (19 мектеп жана 3 бала бакча) 2022-жылга карата финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүнө текшерүү жүргүзбөгөндүгү үчүн башкармалыктын жетекчилигинен опузалап акча талап кылган.

Өз кезегинде Бишкектин Октябрь райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги инспектордун талаптарын аткаруу максатында аталган райондогу ар бир билим берүү мекемесинен 25 миң сомдон чогулткан.

УКМКдан белгилешкендей, Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору өзүнүн мыйзамсыз аракеттери аркылуу билим берүү мекемелеринин жетекчилерин ар кандай жолдор, шылтоолор менен ата-энелерден акча чогултуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлаган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Эсептөө палатасынын мамлекеттик инспектору М.Ф.К. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Мындан тышкары УКМК тарабынан Бишкек шаарынын башка райондук билим берүү бөлүмдөрүн жана билим берүү мекемелерин текшерүүдө Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерин аныктоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15831