Ата мекендик спортчулар грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 3 медалга ээ болушту
RU

Ата мекендик спортчулар грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 3 медалга ээ болушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курама командасынын мүчөлөрү 7-9-май күндөрү Нур-Султан шаарында (Казакстан) өткөн Жаксылык Ушкемпировдун элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеште 3 медаль жеңип келишти. Бул тууралуу Мамлекеттк спорт агенттигинин басма сөз кызматы маалымдады.

82 кг чейинки салмак категориясында Орункул уулу Бекзат 1-орунду ээледи. Ал эми Аркыт Орозбеков (97 кг) жана Давран Садыков (130 кг) күмүш медалга татыктуу болушту.

Мелдеште Казакстан, Россия, Грузия, Украина, Таджикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген 250дөн ашык спортчу күч сынашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1584