"Бул жерде Эрдоган үчүн ат тапталган". Саяпкерлер рейдерлик болуп жатканын айтышты
RU

"Бул жерде Эрдоган үчүн ат тапталган". Саяпкерлер рейдерлик болуп жатканын айтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги атканалардын ээлери Kaktus редакциясына кайрылып, мэриянын кызматкерлеринин аракетине нааразы болушту. Айтымдарында, аларды ипподромдун аймагынан мыйзамсыз чыгарууда.

Комплекс качан курулган?

Ат сарайдын ээлеринин бири Александр Юлдашевдин айтымында, комплекс 2003-жылы курулган. Бузулган сарайларды мэрия жылкы багуучуларга берген.

"Мэрия бизге инвестиция тартып, ат сарайларды калыбына келтирип, классикалык жана улуттук ат спортун өнүктүрүү үчүн таза кандуу жылкыларды көбөйтүү менен алектенгиле деп бул жерди бөлүп берди. Көрдүңүзбү, баардык коммуникацияларды жүргүздүк, подстанция, кампаларды куруп, сарайларды жаңыланган. Ишке киргизүү актысына ошол кездеги аким Медетбек Керимкулов жана Ленин районунун акиминин орун басары Камчыбек Ташиев кол коюшкан", - дейт ал.

Юлдашев жергиликтүү саяпкерлер өздөрүнүн акчасын таза кандуу жылкыларды өстүрүүгө, ошондой эле Кыргызстанда экинчи ат спорт мектебин ачууга жумшашканын баса белгиледи.

"Бул жер мурда таштанды төгүлгөн жай болчу. Ат спорт мектеби үчүн бардык шарттарды өзүбүздүн акчабыз менен түздүк. Мисалы бул жерге аттар үчүн шпрингартен курганбыз. Бул аттарды секирүүгө үйрөтүүчү жабдык", - деп түшүндүрдү ал.

Чырдын башталышы

Юлдашевдин айтымында, ипподром боюнча чечимди Жер реформасы комитети кабыл алган. Алгач мамлекеттик ачык акционердик коом болуп, кийин жөн эле ачык акционердик коом болуп, 49% акциясы жеке адамдарга сатылат. Ал эми 2013-жылы мэрия менен Айыл чарба министрлигинин ортосунда соттук териштирүүлөр башталган.

"2017-жылы Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан сатып алуу-сатуу келишимдери жана бүтүмдөр мыйзамсыз деп табылган. Бизге компенсация төлөбөстөн, бул аймактан чыгып кетүүнү суранып жатышат. Мэрия мүлк ага таандык деп эсептейт. Биздин электр энергиябызды кыркып, суубузду өчүрүп салды. Азыр 400 асыл тукум жылкы коркунуч алдында турат", - дейт ал.

Чебер машыктыруучу жана чебер жокей (ипподромдо иштеген кесипкөй чабандес, ат чабышта ойноп, күлүктү башкарган адам) Улан Баатыркулов 1990-жылдары башка машыктыруучулар менен бирге ат майданды талап-тоноодон сактап калганын белгиледи. Ошондой эле ат сарайларды өз каражатына калыбына келтиришкенин айтат.

Соттук териштирүүлөр

Саяпкерлердин айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик соттун чечими жана 1995-жылдагы өкмөттүн токтомуна таянуу менен мүлк мэриянын карамагына компенсациясыз берилет деп эсептейт.

"Алар бизди кууп чыгара алабыз деп эсептешет. Ипподромдун администрациясы көчүрүү боюнча доо арыз жөнөтөт, көпкө созулган соттошуудан кийин аны сот кабыл албайт. Анан мэрия көчүрүү боюнча доо арыз берет. Ленин райондук соту доо арызды кароосуз калтыруу жөнүндө токтом кылат. Чындыгында мэриянын мүлктү алуу боюнча аракеттери башка бирөөнүн мүлкүн кийин кайра сатуу максатында алдын ала бүтүм боюнча квалификацияланат, анткени азыр тендер жарыяланган. Чыгашаларды, жоготууларды, жоголгон пайдаларды жана биз салган бардык нерсенин ордун толтурууга каражат каралган эмес. Бул комплекстин баасы 2 миллион доллардын тегерегинде. Комплекстин маанилүүлүгүн белгилөө үчүн бул жерде Эрдоганга жылкы багылганын баса белгилеп кетейин", - деди Юлдашев.

Саяпкерлердин талаптары

Улан Баатыркулов жылкыларга башка жерде шарт түзүп берүүнү бийликтен талап кылууда.

"Бул жер жарыкараган эс алуучу жай болчу. Ар бир ишемби, жекшемби сайын ат чабыш өткөрүлчү. Ипподромдо 400 жылкы турчу. Бул жакка эс алып, ат чабыш көргөнгө келишчү. Биз ойлогонбуз, келечекте ушул ипподром Россиядагыдай жаркыраган жай болот, өнүгөт деп. Бирок андай болбой эле артка кетти. Бизге жаңы ипподром салып беришсин же бизди жайыбызга коюшсун. Мен 7 жыл Казакстанда жылкыларды таптадым. Назарбаевдин жылкыларын даярдап жүрдүм. Ар бир аймакта жаңы ипподромдор бар. Шымкентте ат чабыштарга катыштым. Бирок бизде жалгыз ипподромду талашып жатышат. Ал жерде аттар турат, алар наристедей. Анан электр жарыгын, сууну өчүрүштү. Бул жаныбарларды кордоо. Аттар бизге көз каранды. Эки күн суу ичпесе өлүп калышы мүмкүн. Аларды ким калыбына келтирет?", - деди ал.

Бишкек мэриясынын жообу

"2019-жылы Мамлекеттик мүлк фонду ипподромду Бишкек мэриясына өткөрүп берген. Өткөн жылы мүлктү башкаруу башкармалыгынан ипподромдун аймагындагы бастырмаларды бошотуу талабы менен кат келген. 2023-жылдын ноябрь айында биз билдирүү жөнөткөнбүз. Өткөн жума күнү электр жарыгын, сууну өчүрдүк. Мындан улам муниципалитеттин аймагы да, мүлкү да бизге тиешелүү", - деп айтылат мэриянын Kaktus редакциясына берген комментарийинде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15859