Таштандыдан аялдын жансыз денеси табылган. Шектүү кылмыштын кандай болгонун айтып берди
RU

Таштандыдан аялдын жансыз денеси табылган. Шектүү кылмыштын кандай болгонун айтып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жети-Өгүздө таштанды таштоочу жайдан аялдын денеси табылган. Кылмышка шектүү катары маркум менен чогуу жашаган киши кармалганын облустук милициядан билдиришти.

Кызыл-Суу айылынын көчөлөрүнүн биринде, таштанды таштоочу жайларынын жанында болжол менен 35-40 жаштагы аялдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу милицияга маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу барып, каза болгон келин 1987-жылы туулган Т.К. экени такталган. Анын жансыз денесинен криминалдык тактар аныкталган. Соттук-медициналык экспертизанын кортундусу боюнча, келин киши колдуу каза болгон.

Аталган факты 122-берененин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү катары Кызыл-Суу айылынын 1972-жылы туулган тургуну А.Б. кармалган.

Шектүү өзүнүн көрсөтмөсүндө каза болгон аял менен чогуу жашап жүргөнүн билдирген. Ошол күнү экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, келиндин башына балка менен уруп, мойнун толгоп, жанын кыйганын айтып берген. Ошондой эле жансыз денени ашкана бөлмөсүндө тогуз күн кармап, андан кийин үйүнүн жанында жайгашкан таштанды таштоочу жайдагы челектин жанына калтырып кеткен.

Жети-Өгүз райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15869