Россияда кармалган 20 жаштагы жигиттин апасы өлкө жетекчилигинен жардам сурайт. Видео
RU

Россияда кармалган 20 жаштагы жигиттин апасы өлкө жетекчилигинен жардам сурайт. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москвада кармалган 20 жаштагы Нурмухаммед Токобаевдин апасы өлкө жетекчилигине кайрылуу жасады. Ал уулуна жардам берүү өтүнүчүн келтирди.

"Урматтуу, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, сиздерге кайрылуумдун себеби - жакында эле Мосаквага иштөөгө кеткен балам 1,5 суткадан бери жок. 2-апрелдин түнүндө бейтааныш номерден чалуу түштү, алсам эле балам экен. Ыйлап алыптыр, "атама бериңизчи телефонду" деди. Атасына "менде баңгизат бар деп кармашты, 9 жылдан 15 жылга чейин камаласың же 6 айдан кийин Украинага согушка кетесиң деп жатышат" деп айтып жатканда телефонду алып коюшту. Ошол боюнча сүйлөштүрбөй, эч кандай маалымат бербей жатат.

Эмне кыларымды билбей акимиатка барып, тизелеп жардам сурасам "сиз артист боло бербеңиз деп мен шылдыңдап жатышат. Аргасыздан сизден жардам сурап жатам", - деп ыйлады эне.

Маалыматка караганда, Нурмухаммед Токобаев былтыр ноябрь айында Россияга иштөө үчүн кеткен. Ата-энеси уулунун чөнтөгүнө баңгизат салып коюшкан деп божомолдоп жатышат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык жигиттин кармалганын ырастап, элчилик тарабынан анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча зарыл чаралар көрүлөрүн маалымдады.

"Тышкы иштер министрлиги тарабынан жигиттин ата-энеси менен байланыш түзүлгөн. Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилигине Россиянын укук коргоо органдарынан Н.Тга карата билдирүү келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу, учурда кыргыз жаранынын кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Элчилик кармалган Н.Тнын жактоочусу менен байланышкан.

Кошумча маалымат келип түшкөн учурда элчилик тарабынан мекендештин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча зарыл чаралары көрүлөт", - дешти министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15877