"Спортчулардын тамагына акча жетпейт". Спорт департаменти спортчулардын тамак-ашы тууралуу
RU

"Спортчулардын тамагына акча жетпейт". Спорт департаменти спортчулардын тамак-ашы тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Айбек Алтынбеков спортчулардын тамактануусуна канча каражат бөлүнөөрүнө кызыкты. Бул тууралуу ал 5-апрелде "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында сурады.

Эсеп палатасынын аудитору Пардаали Батиров министрлер кабинетинин 2024-жылдын 30-январындагы токтому менен тамак-аш стандарттары жогорулатылганын билдирди. Анын айтымында, азыр райондук деңгээлдеги мелдештерге катышкан спортчуларга 150 сом (мурда 67 сом), облустук деңгээлде 150 сом (мурда 90 сом), республикалык 300 сом (мурда - 190 сом), эл аралык - 489 сом (250 болгон). Калыстардын тамак-ашына 250 сом (мурда 210 сом) бөлүнөт.

Батиров Алтынбековдун суроосуна жооп берип жатып, эгерде мындай суммалар бекитилсе, анда алар жетиштүү болушу керек деген оюн айтты.

Бирок ага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Спорт жана дене тарбия департаментинин директору Айбек Абдымомунов макул болгон жок.

"Бул аздык кылат. Бул күнүмдүк норма. Ооба, нормалар көтөрүлгөн, бирок бул дагы эле жетишсиз. Бир самса менен чай ичсе 100-120 сом болот, спортчулар күнүнө эки жолу машыгышат. Керек болгон күчүн жумшашат, бирок бөлүнгөн каражат бул үчүн аздык кылат. Бул кээ бир жигиттерге терс таасирин тийгизет, жүрөктү оорутат. Кээде аларга демөөрчүлөр жардам көрсөтөт. Каражаттын көбү дагы эле өнүгүүгө эмес, айлыкка кетет. Бирок бөлүнгөн айлык аздык кылат, бир доллар 90 сом болуп калды, билеттер кымбат. Бир команда айталы, он кишиден турган болсо, жыйынтыгын көрсөтүп, медалдарды утуп алган бир-экөөнү толук каржылайбыз, калганына демөөрчүлөрдү таап берүүнү суранабыз.

Биздин башкармалыктын бюджети бекитиле элек, канча жолу Жибек Курманбековнанын артынан чуркап жүрдүк (Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева – ред. Kaktus.media ). Алар 2 миллиард сомдон ашык бюджеттин долбоорун сунушташты. Суммаларды бул жагынан, тиги жагынан кыскартышат. Алар 1 миллиард 747 миллион сомдон кем эмес бекитүүнү суранышкан, бирок дагы эле көйгөйлөр жаралууда. Бул каражаттар чындыгында кумга сиңген суудай", - деди Абдымомонов.

Ошол эле учурда каржы министринин орун басары Үмүтжан Аманбаев бюджетти Жогорку Кеңеш бекиткенин билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15881