Калкты тейлөө борборуна барбай эле балага туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кантип алса болот
RU

Калкты тейлөө борборуна барбай эле балага туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн кантип алса болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жаңы төрөлгөн ымыркайлардын ата-энелеринин эң көп берилген үч суроосуна жооп берди.

Калкты тейлөө борборуна барбай эле бала төрөлгөндө каттаса болобу?

- Ооба, толук мүмкүн. portal.tunduk.kg электрондук кызматтардын мамлекеттик порталы аркылуу.

"Үй-бүлө" бөлүмүндө ата-энелер бала төрөлгөндүгүн каттоо үчүн арыз жазып, "Балага сүйүнчү" бир жолку жөлөк пулга кайрылуу жасай алышат. Кызматты онлайн төлөсө болот. Ошондой эле туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн жакынкы калкты тейлөө борборун тандап же документти үйүңүзгө жеткирүүнү тандоого мүмкүн.

Бала чет өлкөдө төрөлүп, туулгандыгы тууралуу документти ошол жактан алышкан. Кыргызстандан туулгандыгы тууралуу күбөлүк алышым керекпи?

- Жок кереги жок. Башка мамлекеттердин компетенттүү органдары тарабынан берилген документтер, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, консулдук легалдаштыруу же апостиль коюу шартында Кыргызстанда жарактуу деп таанылат.

Кыргызстанда кайра каттоо талап кылынбайт, бирок жеке идентификациялык номер (ПИН) алуу талап кылынат. Бул үчүн ата-энесинин өздүгүн тастыктаган документтери, ошондой эле баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен жакынкы калкты тейлөө борборуна кайрылсаңыз болот.

Эмне үчүн кээ бир балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү Түндүк системасында көрсөтүлбөйт?

Түндүк мобилдик тиркемесинде туулгандыгы тууралуу санариптик күбөлүк Калкты каттоо башкармалыгына караштуу ЗАГСтын автоматташтырылган маалыматтык тутумунан (АИС) алынган маалыматтардын негизинде түзүлөт. Санариптик документти туура түзүү үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк толугу менен санариптештирилиши керек.

Эгерде ал санариптештирилбесе, жок болсо, же туура эмес маалымат көрсөтүлсө, сиз Түндүк тиркемеси аркылуу "Маалыматтар дал келбейт" бөлүмүнөн сурам жөнөтсөңүз болот, документтин сканерленген версиясын тиркөөнү унутпаңыз.

Бала 16 жашка чыкканда туулгандыгы тууралуу санариптик күбөлүк ата-энелерге көрсөтүлбөйт, анткени паспорт алгандан кийин документ жарандын өзүнө көрсөтүлөт.

Ошондой эле, баланын төрөлгөндүгүн каттоо үчүн төмөнкүлөр керек экендиги белгиленет:

  • туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк;
  • баланын ата-энесинин же алардын биринин паспорту;
  • нике күбөлүк.

Түндүк тиркемесинде документтер санарип форматта берилиши мүмкүн. Кошумча маалыматты 119 call-борборунан жана Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жана анын бөлүмдөрүнүн расмий сайттарынан алсаңыздар болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15900