Ысык-Көл облусу боюнча өкмөттүн жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды. Ал 38 жашта
RU

Ысык-Көл облусу боюнча өкмөттүн жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү дайындалды. Ал 38 жашта

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусуна өкмөттүн жаңы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 38 жашар Мирбек Кожоев дайындалды. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Мирбек Кожоев буга чейин Кыргызстандын президенттик аппаратынын Мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары болуп иштеген.

Бүгүн, 11-майда, аны коллективге тааныштырышат.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун губернатору Кыдыкбек Исаев болуп турган кезде Кожоев анын жардамчысы болуп иштеген.

КРди башкы прокуратурасы өзгөчө корголгон аймактардагы жер тилкелерин төмондөтүлгөн баада саткандыгы үчүн Исаевге издөө жарыялаган. Мамлекетке 300 миллион сом зыян келтирилди деп бааланган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1591