Долбоор кантип кургак учукка кабылгандарды колдоо боюнча айыл өкмөттөрүнүн ишин жакшыртты
RU

Долбоор кантип кургак учукка кабылгандарды колдоо боюнча айыл өкмөттөрүнүн ишин жакшыртты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

USAIDдин "Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо" долбоору төрт жылдан бери ийгиликтүү иштеп келе жатат. Алгач долбоор Жалал-Абад жана Нарын облустарын камтыды. 2023-жылдан баштап ал географиясын Баткен облусуна жана Ош облусунун Кара-Суу районуна чейин кеңейтти

Долбоор тууралуу кыскача

Кургак учукка тиешеси бар адамдар долбоордун соңунда ийгиликке жетишүүчүлөр болуп саналат. Калган максаттуу топтордун өкүлдөрү кургак учукка каршы иш-чараларга тартылышы керек болгон адамдар болуп эсептелет. Анткени кургак учук – көптөгөн социалдык көйгөйлөр жана маалымдуулуктун жетишсиздигинен улам көйгөйлөр менен байланышкан социалдык маанилүү оору.

Кошумчалай кетсек, долбоордун алкагында Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы ооруканалардын базасында кургак учук менен ооругандарга билим берүү гана эмес, "Бейтаптар мектеби" ишке киргизилди. Автоматташтырылган электрондук система дарылоону үзгүлтүккө учуратууга жакын бейтаптарды аныктоого жардам берет. Бул бейтаптардын аталган категориясы менен иштөөнү күчөтүүгө мүмкүндүк түзөт. Долбоордун алкагында жасалма интеллектке негизделген "Доктор Азамат" платформасы аркылуу кургак учук менен ооруган бейтаптарга психологиялык колдоо көрсөтүү боюнча эксперимент жүргүзүлдү. Анда виртуалдык психолог дарыланууга болгон көнүгүүсүн жогорулатууга жардам берип жана суроолорго жооп берип, бейтапка моралдык колдоо көрсөтөт.

Курчап турган чөйрө жана медицина кызматкерлери тарабынан кургак учук менен ооруган бейтаптарга карата стигманы жана басмырлоону азайтуу - дарыланууну токтотпой, жакшыртууга жардам берет. Демек, долбоордун пилоттук аймактарында кургак учуктун туруктуу түрлөрүн азайтууга жана анын ичинде дары-дармек менен тез айыктырууга жардам берет.

Иш-чаралар стигманы жана дискриминацияны азайтууга гана колдоо көрсөтпөстөн, кургак учукка кабылып же оорудан жапа чеккен адамдарга моралдык жана материалдык жардам берүү үчүн коомчулукту үгүттөйт.

Долбоор ошондой эле Бирдиктүү санариптик байланыш платформасын иштеп чыгуу, өз ара аракеттенүүнү түзүү жана кургак учукка каршы иш-чараларга кызыктар тараптарды тартуу аркылуу, бейтаптардын сапаттуу медициналык кызмат алууга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган иш-чараларды ишке ашырат. Бул кургак учук менен ооруган адамдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча туруктуу системаларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Кургак учук менен ооругандарды ким колдоого алат?

Бүбатма Кадырбаева, Чынар Ташева жана Анаркан Ибрайимова Жалал-Абад облусунда "Кургак учук менен ооругандарды колдоо" долбоорунун спикерлери болуп иштешет.

Алар төрт жылдан бери кургак учук менен ооруган адамдардын айланасындагыларга, коомдук пикирди түзүүчүлөргө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине бул оорунун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берип, калк арасында кургак учук тууралуу уламыштарды жоюп, ооруга байланыштуу суроолорго жооп берип келишет.

Алардын ишинин дагы бир маанилүү чөйрөсү - арыздар менен иштөө болуп саналат. Спикерлер кургак учук менен ооруган адамдарга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан материалдык жана азык-түлүк жардамын алууга көмөк көрсөтүп, акыркы убакта жумушка орношууга да көмөктөшүп келишет.

Долбоордун алкагында калк менен маалыматтык иштерди алып баруучу жана үгүт иштерин жүргүзгөн спикерлерден тышкары насаатчылар иштейт. Алардын милдети – баштапкы медициналык-санитардык жардамдын адистери тарабынан кургак учук менен ооруган адамдарга карата стигманы жана басмырлоону азайтуу. Алар дарыгерлерди инсандар аралык байланышка үйрөтүшөт, керек болсо кургак учук менен ооругандарды дарыгерлер кабыл алып жатканда коштоп жүрүшөт.

"Адегенде айыл өкмөттөрү менен иштешүү кыйынга турду. Аларга барып, кургак учук менен ооругандардын тизмесин сурап, айыл өкмөт башчылары, социалдык кызматкерлер менен биргеликте дагы кандай иш-чараларды өткөрсөк болот деп сүйлөштүк. Айыл өкмөттөрү жана социалдык кызматкерлер мени жакшы билишет. Биз фтизиатр жана медайым менен биргеликте бир катар кургак учукка кабылгандардын тизмесин түзүп, Октябрь районунун бардык айыл өкмөттөрүнө жөнөтүп жатабыз. Байтаптар менен чогуу кыдырап, аларга арыз жазууну, кимге кайрылууну жана эмне кылууну үйрөтөбүз. Азыр аталган иштердин баарын жасоо оңой эле болуп калды.

Кургак учук менен көбүнчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жабыркайт. Оорулуулардын тизмесин түзгөндө ким кандай жашап жатканын көрсөтөбүз. Үй-бүлө аз камсыз болсо, тамак-аш, кийим-кече жагынан жардам беребиз. Азыр демөөрчүлөр да жардам берип жатышат", - деди Чынар Ташева.

Ал долбоорду ишке ашырып жаткандагы төрт жыл ичинде болгон өзгөрүүлөрдү байкап келет:

"Бейтаптар мага өз алдынча арыз жазып, акча түшпөй калса кайрылып жатышат. Бул төрт жылдын ичинде кургак учук менен ооругандарга жардам берүү керектигин айыл өкмөттөр да түшүндү. Быйылкы жылдын бюджетинде алар үчүн каражат каралган.

Менимче, азыр айыл өкмөт башчылары, социалдык кызматкерлер, дарыгерлер баарыбыз туура жолдо баратабыз. Мен бейтаптардын кантип көз карандысыз болуп калганын көрүп жатам. Алар каякка барыш керектигин билишет. Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери да бейтаптарга жакшы мамиле керек экенин түшүнүп жатышат. Анткени алар ооруп жаткан учурда абдан аялуу болушат жана аларды басмырлап, бөлүп-жарып жатат деп ойлошу мүмкүн".

Бүбатма Кадырбаеванын айтымында, ал түшүндүрүү иштери менен алектенип, кургак учук менен ооруган адам айыкса, башкаларга жугузбай турганын айтып келет.

"Айыл өкмөтү менин бардык демилгелеримди колдоп келет. "Доор" коомдук фонду менен биргеликте уюштурулган долбоордун аркасында кургак учук менен ооругандардын тизмесинин саны азайды. Учурда айыл өкмөттүн тизмесинде кургак учукка кабылган 38 адам бар. Кышкысын аларга көмүр менен жардам беришет, кээде азык-түлүк баштыктарын беришет.

Биздин негизги максатыбыз айыгып кеткендерди кадимки жашоого кайтаруу.

Жакында айыл өкмөттүн бюджетин карап чыктык. Мына,эми кургак учук менен ооругандарды эске алуу менен каражат бөлүнөт. Жергиликтүү бийлик бейтаптардын мүмкүн болушунча тез сакайып кетишине жардам берип, бул ооруну алгачкы баскычта аныктоого аракет кылууда", - деп бөлүштү Кадырбаева.

Долбоордун спикери Анара Ибраимова Ноокен районунда бейтаптардын бирине уулун сүннөткө отургузууну айыл өкмөтү уюштурганын эскерет: "Алар дагы үч мезгил айыгып кеткен бейтаптын балдарына кийим-кече менен жардам беришкен. Менин оюмча бул долбоор кургак учук менен ооругандарды колдоп гана эмес, айыл өкмөттүн тургундарынын биригишине, бири-бирине каралашуусуна беришине жардам берет".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15945