Бишкекте эгиз төрөгөн келин каза болду. Анын үй-бүлөсү иликтөө жүргүзүлүүсүн талап кылууда
RU

Бишкекте эгиз төрөгөн келин каза болду. Анын үй-бүлөсү иликтөө жүргүзүлүүсүн талап кылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Турат жубайы Перизат каза болгондон бери жалгыз төрт баланы багып келет. Улуу баласы эки жарым жашта, экинчиси бир жарымда. Ал эми кичүү эгиз кыздары Аруузат менен Арууке ушул жылдын январь айында төрөлүшкөн. Бирок 12 күндөн кийин алардын апасы каза болгон. Балдардын атасы Kaktus.media редакциясына келинчегин жоготкондон кийин кантип оокат кылып жатканын жана адилеттүүлүктү кантип издеп жатканын айтып берди.

Эгиздердин төрөлүшү

"Эки уулубуз бар болчу. Келинчегим үчүнчү ирет боюнда бар экенин билгенде, ортолору өтө жакын, боюнан алдыртып салалы дегенбиз. Бирок эгиз экенин билгенден кийин төрөгөнгө бел байлаганбыз. Кош бойлуулугу жакшы эле өтүп жатты. Перизат анализдердин бардыгын өз убагында тапшырып, поликлиникада учетто турган. УЗИ жана доплерден өткөн", - деп Турат Быржыбаев айтып берди.

Мындай болбош керек болчу. Ал өлбөш керек болчу.

Тураттын айтымында эч кандай көрсөтмөлөр же татаалдашып кетүүлөр болгон эмес.

Ал төрөт үйүндөгү реанимация бөлүмүнүн медперсоналынын оройлугуна арызданган.

Каза болгон келиндин кайын энеси Ырыс Шамбетова Перизат болжол менен саат 20:30да көз жарган, деп айтып берди.

"Эртеси күнү куттуктап телефон чалдым. Пеку мени менен жакшы эле сүйлөштү. Мени менен сүйлөшкөндөн кийин эки-үч саат өтүп, кан көп кетип, реанимацияга которушуптур. Абалы начарлап кеткен. Көрсө, жатынында тону калып-калыптыр. Ал төрөт үйүндө үч күн жатып, тону чирип, сепсис башталган", - дейт ал.

Пеку реанимацичядан телефон чалып, Тураттан акчасы болсо берип жиберүүсүн суранган. "Алар (медиктер) мага орой мамиле жасап, түрткүлөп жатышат", - деп айтыптыр. Турат акчасын берип жибергенден кийин "алдым" деп айткан. Бул алардын акыркы сүйлөшүүсү болчу.

"Балдардын алдында ким жооп берет?"

Үч күндөн кийин Перизатты Мамакеев атындагы улуттук хирургияык борборго алып кетип, жатынын алып салышкан. Бирок жаш келиндин абалы күчөй берген. 26-январда ал ооруканадан көз жумган.

Назгүл Быржыбаева, Перизаттын кайын эжеси. Анын пикири боюнча да дарыгерлер көңүл кош мамиле жасашкан.

"Врачтар карабай койгон үчүн сепсиске чейин жетти да. Эки күндөн кийин Мамакеевдин ооруканасынан докутрларды чакыртышты. Алар келип, тез жардам менен экстрендик түрдө алып кетишиптир. Дароо операция жасашып, жатынын алып салышкан. Перизат аябай боорукер, жоош болчу. Анын кош бойлуулугун алып барган врачтар, кийин төрөт үйүндөгу врачтар ошондуктан көп көңүл бурбаса керек. Буга ушундай деле боло берет, деп ойлошсо керек. Төрт баланын алдында эми ким жооп берет?", - деп Назгул ыйлады.

Апасыз калган балдар

Төрт айлык Аруузат менен Аруукени Тураттын эжеси Назгүл Бишкекте багып жатат. Улуу балдрын Турат апасы менен айылда карайт. Перизаттын ата-энеси Нарында жашашат, неберелери менен байланышып турушат, балдарды тайларына берүүгө Турат макул болгон эмес.

"Балдарым бирге өсүүсүн каалайм. Апасы жок болсо, жок дегенде бир туугандары болсун. Кыздар бакчага барып баштагандан тартып өзүмө алып кетем. Азырынча эжем багып жатат. Эгер аларды багам деп жумуштан чыгып кетсем, кыздарыма тамагын, подгузниктерин ким алып берет? Улуу балам бакчага барат, экинчи уулумду 70 жаштагы апам үйдөн карайт. Балдарым жетим калды. Мен келинчегимдин өлүмү иликтенип, айыптуулар жоопко тартылуусун каалайм", - дейт Турат.

Бирөөсү жоош, экинчиси тентек. Эгиздер кандай өсүп жтышат?

Кыздарды Назгул Бишкекке алып кетүүнү чечкен. Анткени 70 жаштагы апасы жалгыз карай алмак эмес.

"Апам улгайып калды. Ансыз деле эки небересин багып жатат. Ымыркайларды кантип карамак эле? Өзү араң басып жүрөт. Келининин өлүмүнөн кийин өзүнө келе элек. Мен деле кыйналып жатам. Бирок Турат иштеп турган чакта, балдарды багышып жатам. Бирөө-жарым акча табыш керек да", - дейт кыздардын эжеси.

400 грамдык смесь эки балага бир күнгө жетчү. Азыр жетпей калды. Үйдөн Турат эле иштейт. Назгүл өзү да иштей. Анын деле үй-бүлөсү бар.

"Бүгүн 10 күндүк массаждын акыркы күнү бүттү. Эгиздердин ден соолугу чың. Табити, уйкусу да жакшы. Эки саатта бир тамагын берип турам. Сегизинчи класс окуган кызым жардам берет. Эки бала менен жалгыз жетишмек эмесмин", - дейт ал.

Кыздардын мүнөздөрү айырмаланып турат.

Аруузат - улуусу жоош, кичүүсү - Арууке, ыйлаак, тентек. Кыздар жакшынакай, салмак кошуп, жакшы өсүп келатышат. Болгону апасы жанында жок.

Тергөөчү кыймылдабай эле, ал эми адвокат 100 миң сом талап кылып жатат.

Тураттын пикири боюнча, милиция кыймылдабай эле.

"Тергөөчү бүгүн эле менин номеримди жазып алды. Буга чейин телефон чалат, бардыгын башынан айтып берем. Андан кийин кайра чалам дейт, ошо бойдон жок болот. Телефонун өчүрүп салат. Андан тышкары эжемдин атынан түшүнүк кат жазыптыр, бирок эжем катты көргөн да эмес. Ленин районунун прокуратырасына даттануу жазыптыр", - дейт ал.

Адвокатка кайрылсам, биринчи сотко чейин эле анын кызматы жүз миңге айлана турганын айтты. Менин андай каражатым жок.

Финансылык мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан Турат юрист жалдай албайт. Анын бир гана тилеги бар - бул күнөлүүлөрдү жоопко тартуу.

"Мен азыр ким күнөлүү экенин айта албай турам, анткени айып кимде экенин билбейм. Иликтөө жүрүп адилет чечим чыгышын каалайм. Мага ошол эле керек", - дейт ал.

Тиги же бу дарыгердин айынан деп айтуудан алысмын.

Сотмедэкспертизанын корутундусунда сепсис өлүмгө алып келгенин жазылбаганына Турат нааразы. Ал медициналык терминдерди түшүнүү үчүн адистерге кайрылайын деген.

Шаардык перинаталдык борбордун пикири

Шаардык перинаталдык борбордон Kaktus.media'нын журналистине комментарий берип жатып, жатын көңдөйүндө тондун бөлүкчөлөрүнүн калып калуусу мүмкүн эмес экендигин билиришти.

"Перизат Жумабек кызы бизге 15-январда келген. Анын абалы оор болчу, терисинин өңү саргылт болуп калган. Шишиги бар экени байкалган. Ал толгоо менен келип, дароо эле көз жарган. Анда оор даражадагы преэклампсия, биринчи даражадагы анемия жана кош бойлуулардын гепатозу бар болчу. Төрөттөн кийин кан кетип, 900 мл канын жоготту. Боор ооруусу болгондуктан кандын коюлануусунда көйгөйлөр бар болчу. Биз ага жардам көрсөтүп, кан кетүүсүн токтотконбуз. Бирок бизге келгенде эле анализдери патология бар экенин көрсөткөн", - деп Шаардык перинаталдык борбордун (4-төрөт үйү) башкы дарыгери Жамиля Марипова Kaktus.media'га айтып берди.

Башкы дарыгердин айтымында, 18-мартта жүргүзүлгөн дарылоонун эффектиси жок болгондуктан консультация алууга Мамбет Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунун адистерин чакыртканбыз. Бейтапты алып кетишип, андан аркы дарылоо иштери башка медициналык мекемеде жүргүзүлгөн.

Ошондой эле редакция Ленин районунун ИИБсине комментарий алуу максатында кайрылган.

Милиция берген маалыматка ылайык, 2021-жылдын 26-январында 23:10 "102" кызматына Улуттук хирургия борборунан телефон чалышып, 1994-жылкы бейтап "төрөттөн кийинки сепсис" диагнозу менен келип түшүп каза болгонун билдиришкен.

Милиция ооруканага келгенден кийин 15-январда, болжол менен 19:30да клиникалык №4-төрөт үйүнө Ж.П келгенин аныктаган. Ошол эле күнү, саат 20:00 ал эки эгиз кыздарды төрөгөн. Төрөттөн кийин көп кан жоготуп реанимацияга түшкөн. Үч күн реанимацияда жатып, өзүнө келбей Улуттук хирургия борборуна которулган. Ага операция жасалганы менен абалы күчөй берген. Натыйжасында, 26-январда, 23:30да келин каза болгон.

Бул факт Ленин районунун ИИБсинин КЖБРине катталып, "Медицина жана фармацевтикалык кызматкердин профессионалдуу милдетин тиешелүү деңгээлде аткарбоо" 152-беренси боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алардын жыйынтыктары боюнча милиция кошумча маалымат берүүнү убада кылды.

Белгилей кетсек, бул факт КЖБРге катталганына төрт ай өттү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1598